www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгы маркумду узатуудагы ысырапкорчулуктун алдын алуу жөнүндө фатва чыгарды. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду. 

  1. Мусийбат болгон (азалуу) үйдө алгачкы үч күн ичинде мал союлуп келгендерге эч кандай дасторкон жайылып, тамак-аш берилбесин.
  2. Маркумга атап, үчтүк, бейшембилик, кырктык, жылдык жана башка ушул сыяктуу аттар менен жайылып жаткан дасторкондор эч бир диний китептерибизде айтылган эмес.
  3. Кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып, «жыртыш» таратып берүү, кийит кийгизүү  шариятта жок.
  4. Кабырдын үстүнө күмбөз жана башка нерселерди тургузуу шариятта жок нерсе, ысырапкерчилик. Күмбөз курганга кеткен акчаны жетим-жесирге, жакыр-муктаждарга берсе, сообу, пайдасы көбүрөк болот.
  5. Фатваны аткаруу бардык Кыргызстан мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелинет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости