www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү жана илим министрлиги «ММК Колдоо борбору» фонду менен биргеликте «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен мугалимдерге окуу жараянында колдонуусу үчүн бир катар видеосабактарды иштеп чыкты.
Маалыматка ылайык, мугалимдер үчүн видеосабак - бул ММС (медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун) элементтери менен сабактарды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды камтыган, билим берүү жараянын уюштуруунун заманбап ыкмаларын көрсөтүүчү колдонмо болуп саналат.
«Сабактарды иштеп чыгуу үчүн мектеп мугалимдеринин жана медиа эксперттердин ичинен 24 катышуучу тандалган. Алар, тажрыйбалуу методист жана насаатчылар - Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов жана Ош билим берүү институтунун инновациялык жараяндарды уюштуруу боюнча кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов, медиа эксперттер Айсулуу Текимбаева жана Назгүл Коңурбаеванын жетекчилиги астында мектеп предметтери боюнча 12 видеосабактын сценарийлерин иштеп чыгышты» - деп билдирет министрлик.
Мектептин негизги предметтери боюнча видеосабактардан тышкары, мугалимдер үчүн «Видеосабактарды уюштуруу» жана «Мугалимдер үчүн фактчек» усулдук видео колдонмолору даярдалганды. «Видеосабактарды уюштуруу» боюнча колдонмодо адистер профессионалдык видеосабакты түзүү жана онлайн сабакты уюштуруу боюнча практикалык кеңештерди беришет. Ал эми «Мугалимдер үчүн фактчек» видео окуу куралы аркылуу мугалимдер издөө кызматын колдонуп, сүрөттөрдүн же ыкчам мессенджерлерде жайылтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүүнү үйрөнө алышат.
«Окутуу жараяны дистанттык форматта жүрүп жатканына байланыштуу видеосабактар эң популярдуу жана талап кылынган билим берүү куралдарынын бири болуп саналат. Анткени видеоформат визуалдык жана ассоциативдик эс тутумга таасир этет, ошону менен окуу материалын өздөштүрүүнүн максималдуу сапатын камсыз кылат» - деп билдирет министрлик.
Кыргыз тилиндеги видеосабактар
Булак: NazarNews.kg