www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл башынан бери Кыргызстанда 25 миң 664 түгөй баш кошкон

Бүгүн Кыргызстанда Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү белгиленүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Каттоо кызматы билдиргендей, бүгүн Бишкек шаарындагы Бакыт өргөөсүндө 15 жаш түгөй баш кошот.

"2020-жылдын 1-январынан тартып 23-сентябрга чейин Кыргызстанда 25 миң 664 түгөй баш кошкон. Ал эми былтыр 33 миң 929 жуп үй-бүлө курган", - деп билдирет Каттоо кызматы.

Жыл башынан бери Кыргызстанда 113 миң 922 ымыркай жарык дүйнөгө келген.

Кыргызстанда Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү 2011-жылдан бери белгиленип келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости