www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Агартуу министрлиги мектептерде мугалимдерге акарат келтирип, кемсинткен окуучулар үчүн алардын ата-энесине же камкорчуларына айып пул салууну сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Министрлик бул азыркы учурда мугалимдерди коргоо механизмдери жок болуп жатканын, чыр-чатактарды тескөөдө азыркы мыйзамдар жана нормалар педагогдорго жетиштүү кепилдик бере албасын белгилөөдө.
Мыйзам долбоорунда мугалимдердин укугу бузулган учурда жоопкер тарапка 50-200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу сунушталган. Эгерде укук бузуу кайталанса, айып пул эки эсе көбөйтүлөт.
2023-жылы Жогорку Кеңеш мугалимдердин укугун бузган - кемсинтип, шылдыңдаган окуучунун ата-энесине же камкорчусуна 2 миң сомго чейинки айып пул салууну, кайталанса 5 миң сомго көбөйтүүнү жана беш күнгө чейин камакка алууну сунуштаган мыйзам долбоорун караган. Коомчулуктун нааразылыгынан кийин ата-энелерге эскертүү берүү гана калтырылган.
Кыргызстанда буга чейин да мугалимдер окуучуларды сабаган окуялар катталган. Ошол эле учурда мугалимдерге да орой мамиле кылган учурлар да жок эмес