www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда милиция кызматкерлери тарабынан оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 28-январь күнү Сузак районунун айыл аймактарынын биринде 1966-жылы туулган Б.А.нын (аял киши) зомбулук менен өлтүрүлгөн денеси өз үйүндө табылган. Анын туугандары окуя тууралуу Сузак РИИБдин милиция кызматкерлерине билдиришкен.
Маалыматта белгиленгендей, алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө ыкчам топ жана тергөөчүлөр окуя болгон жерден кийимдин бөлүгүн табышкан. Ал эркек кишиге таандык экени аныкталган. Ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери шектүү катары аталган райондун 1965-жылы туулган тургуну Б.Р.ны кармашты. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү мас абалда маркумдун үйүнө барып, экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Анын кесепетинен шектүү үй ээсин ур-токмокко алып, денесине зыян келтирген. Үй ээси алган жаркатынан улам көп узабай каза болгон.
Оор кылмыш боюнча топтолгон материалдардын негизинде Сузак РИИБ КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иш козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ошондой эле, бул кылмыш иш Жалал-Абад ОИИБдин жетекчисинин көзөмөлүнө алынды.
Учурда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө иштери улантылып жатат, - деп жазат Турмуш басылмасы.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости