www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бейбаш, сөгөнөөк окуучунун айынан мугалим кызматынан кол жууп, жумушсуз калды.Болбогон жерден мугалимдерди эзе берүү адатка айланып баратат. Сталиндин учурунда фронтко жана мугалимдерге колдоо көрсөтүлүп турган. Өлкө согуш запкысын тартып жатса да мугалимдерге ченелип буудай берилчү. Мугалимдерди көргөндө баш кийимин ала коюп учураша турган. Совет заманында чүкө ойноп жаткан балдар алыстан мугалимдерди көргөндө жашырынышчу. Президентти окуткан да мугалим, академикти да, министрди, сотту, мугалимди, акын-жазуучуну жана бардыгын окуткан мугалим. Бейбаш окуучу сабакта тынч отурбай мугалимин окуучуларынын көзүнчө сөккөндүктөн мугалим чыдабай бир чаап жиберген, натыйжасында Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу мектепте мугалим жумушсуз калды. Тийешелүү органдар киришпесе болбой тургандай. Былгытып коюп мугалимдерди салып берип коюп отура берсек мектепти мечитке айлантып ийишет бейбаш окуучулар. "Менин балам сөгүнбөйт, менин балам айтышпайт, менин балам уурдабайт, менин балам мушташпайт" деп ар бирибиз балдарыбызды мактап, апакай көрөбүз. Ошондой көргүбүз келет. Бирок көпчүлүк ата-энелер балдары менен сүйлөшүп, алардын кылык-жоругун, кыялын, билим деңгээлин, жөндөмүн аңдап билгенге аракет кылбайт. Анан эле башканы күнөөлөгөн эң оңой жолду тандап алабыз. Аша чапкан бейбаштарга болушпай  эсине келтириш керек. Эл чурулдап атса деле силерден үн чыкпайт, кечээ эле эл үчүн жаным курман деп жулунуп аткан Социалдык саясат комитеттин башчысы «Ыйман Нуру» партиясынан Динара Ашимова эмнеге унчукпайт. Бүгүн жым болуп калгандай. Ата-эне менен баланын ортосунда тыгыз байланыш болгондо гана тарбия жөнгө салынат. Айтып тарбиялаганга мүмкүн эмес. Көбүнчө учурда жол көрсөтүп тарбиялоо өтө маанилүү. Мугалимди ата-эне сыйласа, окуучу да сыйлаганга, анын айтканын жан дүйнөсүнө, акылына сиңиргенге үйрөнөт. Биз сыйлабай, балдарыбыздын алдында мугалимди сөгүп турсак, балдар да сөгөт. Өзүбүз бирөөнү сөгүп туруп кайра аны күнөөлөп койгондо балдарыбыз да ошого ыктайт. Туура эмес кылыгыбызды туура эмес деп кабыл алганга үйрөнсөк туура болоор. Жыгачты чапса да үн чыгат, кечке эле мугалимдерге асылуу күчөй берсе, эртең эле алар иш таштоого чыгышат. Алар да адам баласы экенин унутпайлы. Мугалимдерге сыйыбыз болсун!

Министр Купешов Мариповдун убагында да, Жапаровдун убагында да айлыкты көтөрөм деп бир ооз үн каткан жок.Ал өкмөт башчыларынан сөгүш алып сөпөйүп жүрө берет. Аны сөккөндөн көрө бардыгы кымбаттап баратканда, айрыкча мугалимдердин айлык акысын көтөрүп койгонубуз жакшы болмок. Президент Мирзияев мугалимдердин айлыгын 1000 долларга көтөрүү тууралуу салтанаттуу убадасын берди. Азыр алардын айлыгы орто эсеп менен 280 доллар экен, мына эл камын көргөн президент деп ушуну айт. Бизди кымбатчылык каптап келатат. Анын үстүнө «өлгөндүн үстүнө көмгөн» болуп, элдин айлыгы ошол бойдон калып 1-ноябрдан баштап жол кире көтөрүлдү.  Суунун тартыштыгынан жарыкка тариф кымбаттап, мезгил-мезгили менен светтер өчүрүлүп турат деген кеп бар. Анан мугалим байкуш кайсы арына окуучуларга жакшы билим бере алат? Министр Купешовдуку болсо башка кеп. Бизге келип түшкөн маалыматтарга ылайык, азыркы Билим берүү министри Болот Купешевге кылмыш иши козголгон. Купешев Ак-Суу районунун акими болуп турганда, кызматтык абалынан пайдаланып, өзүнүн орун басарына «Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси» деген наамды мыйзамсыз ыйгарып койгон. Бул наам үчүн мамлекеттен кошумча акча берилип турган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен Купешевдин күнөөсү тастыкталган. Бирок Алмазбек Атамбаевдин «любимчигине» айланган Купешов соттолбой калган. Соттун чечими менен кылмыш иши кыскартылган. Белгилей кетсек, азыркы учурда Купешев өзүнүн тегерегине мурда кылмыш ишине тартылган адамдарды кеңешчи кылып дайындап алган.

Купешов министр болгону Кыргызстанда жогорку билим тууралуу дипломдун баркы кетип, билим берүү качан эле бизнеске айланып, ар бир коммерсант, базаркомдун экиден, ал эми өзүнүн атын да ката жазган депутаттардын үчтөн дипломдору бар экени бештен белгилүү эмеспи. Акыркы маалыматтарга караганда, “6 миллион 500 миң эл жапырт диплом алсын” деп Кыргызстанда 76 ЖОЖ иштеп жаткан кези. Алардын ичинен 33ү мамлекеттик жогорку окуу жайы, калган 43 ЖОЖ жеке менчик. Булардан “терең” билим алып жаткан 219 миң студенттин 12 пайызы бюджетте окушса, 88 пайызы контракттык негизде билим алышууда.

“Укмуштуунун төөсү жорго” дегендей, пандемияга чейин ЖОЖдордун саны 51 болсо, билим берүү жана илим министрлиги окуу онлайн форматында жүргүзүлүп жаткан мезгилде “күжүрмөндүүлүк” менен иштеп, жыйырмадан ашык жаңы ЖОЖ ачып жибергенин карабайсызбы?

Маселен, бизге салыштырмалуу 35 миллион калкы бар Өзбекстанда 80 ЖОЖ бар экени маалым... Эми биздеги билимдин сапаты аман эле болсун. Көбү 500-1000 студенти бар “карлик” университеттер, аларда сабак деле болбойт, кагаз жүзүндө студенттери бар, де-факто окуган эч ким жок. Бирок сессиялар тапшырылып, алтургай мамлекеттик экзамендер “берилип”, фамилиясын туура жазалбаган бүтүрүүчүлөргө дипломдор таратылып жатат. Жыйынтыгында университеттер, өзгөчө сайдын ташындай көбөйгөн жеке менчик окуу жайлар сабатсыз, билимсиз адистерди күргүштөтүп чыгарып жатышат.

Бул багытта шашылыш чараларды көрүү зарыл. Министрликтеги ЖОЖ ачканга лицензияларды сатып, чөнтөгүн долларга толтурган коррупциялык схема текшерилиши керек.

Болот Купешовдун декларациясы текшерилип, кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрү, каржылык активдери аныкталып, тапкан кирешелери алган айлыктарына дал келеби, же Кылмыш кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренелери боюнча “кусабы” – аны күч органдарынын тергөө амалдары көрсөтөт. Ансыз деле  азыркы министр Болотбек Купешовго кылмыш иши козголгону боюнча каңшаар тарап, элди эки анжы ойго түртүп салды. Министрдин үстүнөн кылмыш иши козголду деген кеп бекер жерден чыккан жок. Демек, ал кылмыш иштерин кылып, жашынып жатат. Акимден министрге секирген Купешовдун үстүнөн кылмыш иши козголгону тууралуу уу-дуу кептер болууда. Билим жана илим министрлиги Купешовдун үстүнөн кылмыш иши козголгонун четке какты. Бирок, эртеби, кечпи мындай олдоксон министрдин үстүнөн кылмыш иши козголору айкын болуп калды. Купешов элди ойлобогон министр экени ушул окуу жылынын алдында билинди. Ага караганда депутаттар мугалимдерге акча берели демиш болушту. Купешов алыска акылы жетпеген атка минер, ал бир убакта Ак -Сууга аким болуп далай жарма чалган эле. Эми элге карамдуу министр болобу деген ой келген, бирок ал мектепке кирген ар бир окуучудан шаарларда 1000 сом, айыл жеринде 800 сомдон алыш керек деген сунушту кийирип, азыркы бийлик тараптан араң типзгинделип, окуучулар акча төлөбөй турган болду. Буларга эмне элден сыгып ала берсе чыгат деп отурушат. 800 сом деген айыл жеринде чоң эле акча, бир үйдөн бир бала болсо бир жөн. Көп балалуу ата-энелер кантмек эле? Кыргызстандагы мектептерде жалпысынан 2 миң мугалим жетишпей турганы кабарланган. Мынча мугалимдер жетишпесе да мектептер адаттагыдай иштей берет. Министр Купешовго эмне шам мугалимдер жетишеби же жетишпейби, ага окуучулардан акча чогултуш гана керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости