www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бишкек” СЭЗге эмнеге инвесторлор келбей жатат?

Президент Садыр Жапаров чет өлкөлөргө чыккан сайын алардын ишкерлери менен жолугуп, инвесторлорду чакырып, мамлекет үчүн жанын сабап жүрөт. Бирок, “Бишкек” СЭЗдин жетекчилиги мамлекет башчынын саясатын саботаж кылып, дирекцияда башаламандыкка жол берүүдө.

Мындай көрүнүштөрдү байкаган инвесторлор келүүдөн карманып, келбей жатышыптыр. Салыгы да кымбат дешет. Аны түшүрүү, инвесторлорду чакыруу, ишкерлерге шарт түзүп берүү боюнча буларда кызыкчылык барбы? Суроо ачык бойдон.

Анан дагы бажы кызматы менен ишкерлер соттошуп, бул жагы бир балээ болду. Муну уккан инвестор Кыргызстанга келеби, катыгүн?!

Эмне себептен СЭЗге, Кыргызстанга инвестор келбей жатат дейсиздер? Мына себептери. Президентибиз ушул окуяларды укса, булар бирди көрөт окшойт. Ансыз да саботаж кылып, казы байлашып, шиштери толуп калыптыр.

Булак: Азия News гезити

Последние новости