www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин реформасын жана максаттарын ишке ашыруудагы анын эң жакын тилектеши - Камчыбек Ташиев тууралуу:

Камчыбек Ташиевдин ОПГ менен коррупцияга каршы күрөшү – бул жөн гана кызматтык милдет эмес, өз өмүрүн, үй-бүлөсүн жана жеке бакубат жашоосун тобокелге коюп жасаган чоң эрдик. 

Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жеке жашоону, кымбат нерселерди тобокелге коюу – бул ар бир адамдын колунан келе бербеген өзгөчө чечкиндүүлүктүн белгиси.

Ташиевдин жетекчилиги астында Кыргызстандын күч түзүмдөрү кылмыштуу топторго каршы катуу күрөш жүргүздү. Мисалы, ал өлкөдөгү эң чоң уюшкан кылмыштуу топтордун бири катары эсептелген, коопсуздукка коркунуч туудурган системаны талкалап, элге туруктуулуктун маанисин көрсөтө алды. Буга чейин мамлекеттин ресурстарын кыянаттык менен пайдаланган коррупциялык чынжырлар кесилип, өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн орнотуу аракети күчөдү.

Көптөр анын чечкиндүү кадамдарын түшүнбөй, сындашкан учурлар болду. Бирок убакыт өтүп, анын иштеринин натыйжасы ачык-айкын болуп калды: мамлекетте тартип орноп, мыйзамсыз байлык топтогон аткаминерлердин жана кылмыштуу топтордун доору токтоду.

Ташиев үчүн бул жеңил болгон жок. Ал жеке жашоосу менен мамлекеттин кызыкчылыгынын ортосунда чоң тандоо жасады. Ар кандай коркутууларга, каралоолорго карабай, өзүнүн позициясынан тайган жок. Жүрөгү менен мамлекетке берилип иштеген бул адамдын эрдиги ар бир жаран үчүн үлгү болушу керек.

Мындай чечкиндүү лидерлердин ишмердүүлүгү мамлекетти бекемдөөгө гана эмес, элдин ишенимин кайтарууга да чоң салым кошот. Камчыбек Ташиевдин жасаган иштери бизге жөнөкөй бир чындыкты эскертип турат: мамлекеттин кызыкчылыгы ар дайым жеке кызыкчылыктардан жогору турушу керек. Бул тарыхый сабакты ар бирибиз эсибизде сакташыбыз абзел.

Мукай Керимбаев 

Последние новости