www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эне тилинде мукактана араң сүйлөп, эжелеп окуган, жазмасындагы каталардан баш адашкан Азиз Суракматовдон сынак алган кыргыз тили комиссиясынын курамы менен таанышып алыңыздар. Мындай “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” принцибин туу туткан, эл камынан өз кызыкчылыгын, жарыбаган кызматын өйдө койгон сакалчан агайларды “нарктуу аксакал” дешке ооз барбайт. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө ушундай агай-эжелер окуу жайларда студенттерге таалим-тарбия беришүүдө.

Комиссиянын курамы төмөнкүлөр:

1. Абдесов Нургалый – КРнын эмгек сиңирген мугалими;

2. Абдувалиев Ибраим – филология илимдеринин доктору, профессор;

3. Байсабаев Бектурсун Ашымович – педагогика илимдеринин кандидаты, профессор;

4. Искендерова Суусар Искендеровна – филология илимдеринин доктору, профессор;

5. Кенжешев Каныбек Дуйшоналиевич – педагогика илимдеринин кандидаты, профессор;

6. Тиллебаев Садык Алаханович – филология илимдеринин доктору, профессор;

7. Чыманов Женишбек Арыпович – педагогика илимдеринин кандидаты, профессор.

Бул тизмени илимпоз, коомдук ишмер Сулайман Кайыпов жарыялады. Ушундай докторлор кыргыз илимине керекпи? О дүйнө акыйкатына ээрчиткен муфтиятта жемкорлук гүлдөп жатса, бу дүйнө акыйкатын коргоочу соттор адилетсиздиктин символуна айланып жатса, калыс кеп, накыл сөзүн айтып коомдун кутун кармаар интеллигенция минтип адеп-ахлакты тепселеп жатса – биз кайда баратабыз?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости