www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын Ички иштер министрлигине караштуу Пост-патруль кызматы жана коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Дилшат Акрамовду өлтүрүп кетишти. "Азаттыктын" өзбек кызматы жергиликтүү маалымат булактарына таянып кабарлагандай, Акрамовдун сөөгү 4-августтун кечинде өзүнүн иш бөлмөсүнөн табылган. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.
Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, ал бычакталган. Кылмышты Башкы прокуратура иликтей баштады.
40 жаштагы Дилшат Акрамов аталган башкармалыкка быйыл июлдун башында жетекчи болуп дайындалган.
Булак: NazarNews.kg