www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Дарыгердин ченеми-чеңгелинде, эрдиги-энтиккен ооруну жеңгенинде” дегендей тибет медицинасынын ыкмалары  менен  мекендешибиз Мукамбет Токтобаев не бир шумдук дарттарды дарылап, Кудайга үнү жетип, жашоодон үмүтү өчкөндөргө өмүр тартуулап, алкышка татып келет. Москвада мекендештерибизди түрдүү дарттардан  сакайтып жаткан Мукамбет Токтобаевди кепке тартып, айрым суроолорубузга жооп алдык. 

--Мукамбет, чыгыш өнөрлөрүн үйрөнгөн, аны менен кошо дарыгерликти  өздөштүргөн экенсиз. Адамдарды дарылоодо диагнозду өзүңүз коёсузбу же медиктер койгон диагноз менен дарылай бересизби?

--Негизи өзүм койгон диагноз менен дарылайм. Эгер мага келгендер медиктер мындай диагноз койгон бирок, негедир жылыш болбой жатат десе алардын диагнозун да карайм бирок, өзүм койгон диагноз менен дарылайм. Медиктердин койгон диагнозуна таянбайм.

--Негизи дарыгерлик тажрыйбаңызда тибет медицинасынын эмнесине көбүрөөк басым жасайсыз?

--Тибеттердин кылымдарды карыткан чекит массажы менен каналдарды ачууга басым коём. Анткени, каналдар белгилүү бир себептерден улам жабылып, блоктолуп энергия жүрбөй калат. Органдарыбыз  бири бири менен тыгыз байланышта болгону үчүн каналдар блоктолуп калган мезгилде организмибиз кескин өзгөрүүгө дуушар болот. Жыйынтыгында адамдардын  ооруган жери көбөйүп, дарт менен алп урушуп калат. Илимий медицинада кайсыл жериң ооруса ошол жериңди дарылайт. Каналдар ачылбай калган учурда канча дарылансаң да  ойдогудай жыйынтык болбойт. Дарылаганым эффективдүү болсун  деп мен алгач негизги себепкер дартты аныктоого аракет кылам. Негизги дартты аныктап алсаң, дарылоо учурунда анын кесепетинен пайда болгон дарттар өзүнөн өзү жоголот. Ошондой эле энергия өткөрчү каналдарды ачууга ашыгам. Анткени, адамдын денесинде жайгашкан 12 меридиан каналы ден соолуктун ачкычы. Каналдарды ачуунун да мааниси зор. Айтайын дегеним, 12 меридиан энергия жүргөн каналдар толуп калса, адам алсырап, эч нерсеге көңүлү келбей, тез чарчап, иммунитети түшүп, адамдын дартты жеңүү мүмкүнчүлүгү төмөндөп  калат. Ички органдарынын иши да начарлап, жаны жер тартып, ооруган жерлери көбөйө баштайт.  Алсыроонун өзү ден соолукта маселе жарала баштаганынан кабар берет.

--Канал деп калдыңыз. Ал 12 меридиан энергия жүргөн канал эмнеден улам жабылып калат?

--Адамдын иммунитети түшкөндө жабылат. Ошондой эле суук тийгенде жабылат. Жаш өткөндө жабыла баштайт. Кыскасы, энергия жүргөн каналдар белгилүү бир себептерден улам жабылып калат. Ошону убагында ачтырып койсо эле көп дартты алдын алат. 

--Каналды кантип ачасыз?

--Көбүнчө массаж учурунда ачам. Ошондой эле атайын медициналык банканын жардамы менен ачам. Банкаларды адамдын ооруп, кыжаалат кылып аткан жерлерине жармаштырып, көнүгүү жасатам. Көнүгү учурунда банкалар түшүп калса, каналдардын ачылганынан кабар берет. Канал ачылса, ден соолук калыбына келет. Оруулар азаят. Ошондой эле массаж учурунда дагы ачам. Негизи канал ачылганда иммунитет жогорулап, энергия жүрө баштайт. Адамдын организми кандай дарт болбосун күрөшүп, жеңүүгө аракет кыла баштайт. 

--Чекит массажында омурткага өзгөчө басым коюлчу эле. Массаждын жардамы менен кыйшайып калган омурткаларды түздөйсүзбү?

--Албетте, дарылык касиети күчтүү, эффективдүүлүгү жогору чекит массажы аркылуу омурткаларды түздөйм, адамдын денесинде блоктолук, тосулуп  калган жерлерди ачам. Кыскасы, чачышып калган кан тамырларды калыбына келтирип, кан айланууну жакшыртам. Бул массаждын жардамы менен операция болосуң деген көп адамды операциясыз эле сакайттым. Себеби, омуртка жылып же кыйшайып калган учурда көздүн көрүшү начарлайт, бөйрөк да баштагыдай иштебей калат. Жыныс органдарында маселе жаралат. Мына ошондой учурда дарысыз эле массаж жана каналдарды ачуу аркылуу адамды сакайышына жардам берем. Кудай кут кылсын, баспай калган адамдар да массаждын жардамы менен басып, онтогон дарттарынан арылып кеткендер көп эле болду.

--Сыр болбосо, массаждын бул түрүн жана сөөктөрдү калыбына келтирүүнү кимден үйрөндүңүз эле?

--Чыгыштын дүйнө жүзүнө тараган өнөрүн жайылтуучулардан үйрөнгөм. Устатымдын кыйындыгынан чыгыш өнөрүн эле эмес, дарыгерлик ыкмаларын да үйрөндүм. Ал ыкмалар менен миңдеген мекендештеримди сакайтып, ден соолугунун жакшырышына салым кошуп жатканыма кубанам.    
 
P/S массажистке кайрылууну калагандар болсо, төмөнкү номур менен байланышса болот. 8(925)6484178, 89995531387

Булак: NazarNews.kg

Последние новости