www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн 4-кабатынан аял кулап түштү. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө саат 18:00 чамасында 5-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 4-кабатынан аял киши кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барган.

"1985-жылы туулган У.М. аттуу аял көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан кулап түшкөн. Ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости