www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өнүктүрүү банкынын башчысы Андрей Бельяниновго жооп берди. Парламентте депутат Руслан Казакбаев Бельяниновдун “Кыргызстандын өкмөтүндө сүйлөшөөр киши жок” деген билдирүүсүнө өкмөт башчы кандай жооп берээрин сурады.
- Ал кишинин деле өзүнүн тарыхын билебиз, эмне болгонун. Премьер-министрдин, өкмөттүн деңгээлинде сүйлөшө турган өзүнүн жүзүн көрсөтсүн. Биз таза кишилер менен иштейбиз. Таза эмес кишилер болсо өз комментарийин бере беришсин, жактай берсин, жолуга берсин, - деп жооп берди премьер-министр.
6-сентябрда Евразия өнүктүрүү банкынын башчысы Андрей Бельянинов ММКларга маек берип жатып “сунушталган долбоор болбогон соң насыялоо да болгон жок, Кыргызстанда бизнестин көзү менен караганда сүйлөшөөр киши жок, чиновниктер дайым алмашып турат, аларга “ликбез” өтүп турууга мажбурбуз” – деп айткан. Өзүнүн айткандарын бышыктоо үчүн Бельянинов жөөттөрдүн анекдотун эске салып, жардам сурап кайрылган жалкоого Кудайдын “жок дегенде лотерея билетин сатып алып койсоң боло” дегенин мисал келтирген. Анын кыргыз өкмөтүнө карата айткан бул сыны Кыргызстанда кызуу талкуу жараткан.
Андрей Бельянинов мурда Орусиянын Бажы кызматын жетектеп турган. Ал кездери Бельянинов Кыргызстанга бат-баттан каттап, ар дайым президенттин кабыл алуусунда болуп, мамлекеттик резиденцияда конок болуп кетчү. Алмазбек Атамбаевдин ага кыргыз-орус мамилесине кошкон салымы үчүн “Данакер” орденин ыйгарып, тапанча менен сыйлаган. Бирок, 2016-жылы Орусияда кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн А.Бельяниновго каршы кылмыш иши козголуп, ал Бажы кызматынын жетекчилигинен бошотулган. Бирок, белгисиз себептерден улам, кылмыш иши кыскарып, А.Бельянинов Евразия өнүктүрүү банкына жетекчиликке дайындалган.
Булак: NazarNews.kg