www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Бишкек – Кара-Балта автожолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

“Графиктен артта калып жатканыңыздарды көрүп турам. Бул көптөгөн долбоорлордун биздин өлкөдө гана эмес, дүйнө жүзүндө пандамиядан улам токтоп турушуна байланыштуу. Мурда башталган долбоорлорду улантып, акырындык менен мурдагы жашоо нугуна кайтуу керек. Карантин бүткөндө жол кыймылы олуттуу түрдө кеңейет. Ошондуктан кыймыл аз кезде бардык татаал иштерди аткаруу керек. Бул стратегиялык автожолдун курулушун бүткөрүү үчүн бизде каражат бар”, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев жолчуларга.

Бүгүнкү күнгө карата Бишкек - Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун алкагында асфальт-бетон төшөлгөн: жолдун 29,4 чакырымына органикалык минералдык катмар жана 23 км төмөнкү катмар төшөлдү, алардын ар биринин калыңдыгы 9 см. Курулуш иштерине 31,6 млн АКШ доллары жумшалды. Учурда унаа жолдун оңдолуп жаткан 45,1 чакырым тилкесинде жол салуу иштери 45% аткарылды. 

Бишкек - Кара-Балта тилкеси «Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташуусунун транспорттук коридорун жакшыртуу – 3 (Бишкек – Ош унаа жолу 4-фаза)» долбоорунун алкагында кайра курулууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости