www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун айынан миңден ашык чет өлкөлүк жаран түрмөдөн чыгарылды. Бул тууралуу Ирандын сот бийлигинин расмий өкүлү Голямхосейн Эсмаилиге таянып,  РИА Новости жазып чыкты.

«Жүз миң туткунду бошоткондон кийин, биз дагы миңден ашуун чет өлкөлүк жаранды бошоттук», - деди Эсмаили.

Буга чейин Ирандын президенти Хасан Рухани бийликтин түрмөдөн бошотулушун 20-апрелден 20-майга чейин узартуу чечимин жарыялаган. Алардын арасында Ирандын коопсуздугуна каршы кылмыш жасаган деп айыпталгандар да болгон.

Иран бийлигинин айтымында, булар негизинен коомго коркунуч туудурбаган адамдар, анткени алар оор кылмыш жасаган эмес. Азыркы тапта Иранда 19-февралдан бери коронавирус жуктуруунун 83,5 миң учуру катталып, 5200дөн ашууну көз жумду. Ошол эле учурда 60 миңге жакын адам айыгып кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости