www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва шаарында бир ай аралыгында коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоочу жугуштуу оорулар ооруканасы салынып бүтүп, алгачкы 20 бейтапты кабыл алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, оорукананын ачылышы 17-апрель күнү өтүп, жаңы курулган мекеме В.П.Демихов атындагы №68 ооруканасынын курамына кирген. Жалпы аянты 40 гектар болгон аймакта 50 имарат курулган, ошондой эле медициналык кызматкерлер үчүн 14 секция жатакана бар. Оорукана 800 орунга ылайыкташкан, эгер бейтаптар көп болсо 900гө чейин кабыл алса болот.

"Керек учурда ар бир орундун жанына медициналык газды алып келип, орнотконго ылайыкташкан. Ошондой эле орундар муктаждык жаралса жандандыруу бөлүмүндөгүдөй кылып өзгөртүп алууга болот", - дейт №68 оорукананын башкы дарыгери Сергей Переходов.

Эске салсак, аталган оорукананы салуу учурунда курулушчулар жаткан чатырча эки ирет өрттөнүп кеткен. Экинчи жолкусунда курулушта иштеген мекендешибиз каза болгон.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости