www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана келечектүү кызматташууга тийиштүү маселелер талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук экономиканын артыкчылыктуу багыттарында өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди активдештирүү зарылдыгы баса белгиленди.

Аны менен бирге республиканын тоо кен, энергетика жана транспорт чөйрөлөрүндөгү дараметин жүзөгө ашыруу багытында мындан аркы иштешүү маселелери талкууга алынды. 

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев жана Лилия Бурунчук коронавирустун өлкө аймагына киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан иш-аракеттерди, алдын ала коргонуу чараларын ишке ашырууну талкуулашты. 

Лилия Бурунчук өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк банк Өкмөттүн көрүп жаткан бардык чараларын колдоого даярдыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости