www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
12-апрелде өтө турган беш шаардык кеңешти шайлоого катышууга 22 партия арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкектеги атайын жыйында билдирди.
Ош шаарында тогуз партия, «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик», «Кыргызстан», «Улуу Журт», КЛДП, «Эмгек», «Бирик», «Бир Бол» партиялары ат салышат.
Кара-Колдо «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик», «Кыргызстан», КЛДП, «Улуу Журт», «Замандаш», «Бирик», «Табылга», «Мекен Ынтымагы», «Ак шумкар», «Улуу Кыргызстан», «Республика», «Кыргызстандын жашылдар партиясы» партиялары катышат.
Балыкчы калаасындагы жарышта «Табылга», «Мекеним Кыргызстан», «Замандаш», «Улуу Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик», «Кыргызстан», «Ата Журт», «Эмгек», «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы» партиялары бар.
Токмокто «Биримдик», «Эл биримдиги», «Эмгек», «Ата Мекен», «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», КЛДП, «Ооганстан согушунун ардагерлеринин жана башка жергиликтүү чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы» партиялары күч сынашат.
Майлуу-Суу шаарында болсо «Өнүгүү-Прогресс», «Замандаш», «Элмурас», «Мекеним Кыргызстан», «Ата Мекен», «Биримдик», «Кыргызстан» партиялары жарышат.
Партиялар БШКга тизмесин да тапшырды. Беш шаардагы 169 мандатка 3108 талапкер көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, быйыл 12-апрелде Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттары шайланат. Үгүт өнөктүгү шаардык кеңештерди шайлоого 13-мартта башталат, айылдык кеңештерди шайлоого 23-мартта башталат.
Булак: NazarNews.kg