www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда ЖК, КР президенттинин жана ЖК депутаттарынын шайлоо тартиптерине өзгөртүүлөрдү киргизди. Ал парламентте 2 окуудан өттү. Демилгечилер - КСДП Мухтарбек Айнакулов, РАЖ Калдарбек Баймуратов, Кыргызстан фракциясынан Айтмамат Назаров.
Өзгөрүү, коомдук байкоочулардын укуктары жана милдеттери жагында болуп жатат. Менин оюмча жеке, шайлоо учурунда коомдук байкоочулардын мүмкүнчүлүктөрү чектелгени жатат.

Бул боюнча дагы Динара Ошурахунова айтып чыкты, андан тышкары демилгечилерди ачык талкууга чакырды.
Маселенин чоо-жайын так билип алуу максатында эки тарапты түз эфирге “Дебаттар” берүүсүнө чакырайын деп, демилгечилерге чалып чыктым. РАЖдын депутаты фракция жыйындамын деп айтса, консультантты командировкада дейт, кимиси чын айтып, кимиси жалган айтып жатканы түшүнүксүз.

Эң кызыгы, албетте КСДПнын депутаты Мухтарбек Айнакулов менен болду. Коомчулуктун алдында демилгечи болгондон соң долбоорду коргогондун ордуна, түз эфирге чыгарайын деп айтсам, аңырандайт - эмнеси туура эмес экен деп, аягына чейин укпай телефонду коюп салды. Экинчи жолу чалсам, өчүрүп салды, үчүнчү жолу чалсам - мен бошобой жатам, деп орой жооп берди.
Кыскасы Мухтарбек Айнакулович аман эле болуңуз, Сиз парламентарий болгондон соң ачык-айкын пикирин сурап жатканда, айтып турушунуз керек. Анткендин ордуна керсеңдейсиз кайра.
Кандай гана мыйзам долбоор болбосун элдин алдында аны талкуулап, суроолорду аргументтер менен жооп бериш керек. Ошол үчүн Сиз депутатсыз.

Тимур Саралаев, “Сентябрь” телеканалынын журналисти

Булак: NazarNews.kg

Последние новости