www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Имам таш ыргытып, кызымды «шайтан» деп кыйкырды», деп Бишкек шаарынын тургуну Салима аттуу айым Фейсбукка жазып чыкты. Анын айтуусуна таянсак, кызы Аминада аутизмдин синдрому бар. Бир нерсе жакпай калса жинденет, кыйкырат, уулуйт. Бир эле нерсени бир канча жолу кайталайт. Айрым буюм-тайымдарга түшүнбөйт. Салима кызынын сүйлөбөгөнүнө аябай эле тынчсызданат, бирок, аны жеңерине терең ишенет. Анткени буга чейин далай кыйынчылыкты артка таштап келген. Салима кызына дайыма убакыт бөлүп, бир сааттай аны окутат. Арт-терапия сабагына барышат.

Ал сабакка бараткандагы бир окуяны мындай деп эскерет:

«Бир күнү арт-терапия сабагына кечигип калдык. Машруткадан түшүп, мечиттин жанынан өтүп баратканбыз, анан эле кызым чаңырып ыйлап кирди. Бул мен үчүн нормалдуу эле көрүнүш болчу. Алысырак жерден өтүп бараткан имам менин кызымды “шайтан” деп кыйкырып, бизди көздөй таш ыргытып кирди” деп капаланып, коомчулуктан көңүлү калганын жазган Салима.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости