www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мүлкүн жашырган аткаминер көп

Кыргызстанда 141 мамлекеттик кызматкердин декларациясы Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, алар кирешеси боюнча декларацияда мүлкүн жашырып, жалган маалыматтарды берген.

"Мамлекеттик кызматты ээлеп туруп, миллиондогон долларлык байлыкка ээ болгон" деп шек саналган мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин окуясы талкууланып бүтө электе Мамлекеттик салык кызматы бул ишке үндөш жаңы маалыматтарды чыгарды. Аталган кызмат мамлекеттик кызматкерлердин мүлкү боюнча быйылкы декларациялар текшериле баштаганын кабарлап, алгачкы мыйзам бузуу фактылары аныкталганын жарыя кылды.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкуловдун айтымында, учурда 141 мамлекеттик кызматкер “кирешеси боюнча декларацияда жалган маалымат берген” деп аныкталган:

- Учурда 1101 жогорку саясий, башкы административдик жана атайын кызматты ээлеп турган адамдар текшерилди. Анын ичинен 141 декларант боюнча материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүп бердик. Эми алар юридикалык баасын бериши керек. Ошондон кийин алар жөнүндө ачык маалыматты жарыкка чыгара алабыз.

Салыкчылар 141 адамдын аты-жөнүн ачык айта элек. Бирок алардын арасында 19 адам саясий кызматты ээлегендер, калгандары муниципалдык жана башка кызматта иштегендер экенин кабарлашты.

Башкы салыкчынын орун басары Искендер Асылкулов кошумчалагандай, декларацияда жер тилкесин жана автоунааларын жашырып койгондор арбын.

- Негизинен декларацияда мүлкү боюнча маалыматтар дал келбей калган учурлар көп болуп жатат, - дейт ал. - Тактап айтканда, декларацияда көрсөтүлбөгөн жер тилкелери чыгып жатат. Анын ичинде айыл чарба жана башка багыттагы жерлер бар. Мындан сырткары абдан көп сандагы автоунаалар боюнча эки ача маалыматтар ачыкка чыгууда. Ошондой эле банктык эсептер боюнча да жашырылган маалыматтар бар.

Айта кетчү нерсе, бул жаштардын ата-энелери өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген жана азыр дагы иштеп жатышат. Алар жыл сайын өтө жупуну кирешеси тууралуу декларация тапшырат. Ошого карабай, балдарын чет өлкөдө окутуп, кычараган машиненин рулуна отургузган. "Эркетайлардын" социалдык тармакка койгон сүрөттөрү жана видеолору алар эгерим кем-карчты көрбөй чоңойгонунан кабар берет.

Мамлекеттик салык кызматы келип түшкөн декларацияларды четинен текшерип, мыйзам бузгандар аныкталса, укуктук баа берүү үчүн көзөмөл органдарга өткөрүлөрүн кабарлады.

Азыркы күнгө чейин өлкө боюнча 60 миңге жакын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер мүлкү боюнча декларация толтурган.

Кыргызстанда аткаминерлердин мал-мүлкү боюнча милдеттүү түрдө декларация тапшыруу жөнүндө мыйзам 2017-жылы августта күчүнө кирген. Бул мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкерлерден декларацияларды кабыл алуу, сактоо, иликтөө жана талдоо милдети Мамлекеттик салык кызматына жүктөлгөн. Мурда бул милдетти Мамлекеттик кадр кызматы аткарчу.

Кыргыз бийлиги мындай жобо коррупцияга каршы күрөштүн жаңы багыты болорун байма-бай айтып келет. Ал түгүл президент Сооронбай Жээнбеков аткаминерлердин мыйзамсыз топтогон байлыгын башкаларга каттатып, жоопкерчиликтен качкан система ашкереленип жатканын бир нече жолу айткан жайы бар.

Анын үстүнө өткөн апталарда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев "мыйзамсыз баюу" деген берене менен камакка алынып, анын банктык эсептеринен жүз миңдеген доллар чыккандан бери бул маселеге коомчулуктун кызыгуусу күчөп турган учур.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаевмындай иштердин жүргүзүлүп жатканын колдойт. Депутат мыйзамсыз иштерди ачыкка чыгарууда ачыктыкты камсыз кылуу зарыл деп эсептейт.

- Декларацияны милдеттүү тапшыруу эми гана кирди, - деди ал. - Айрымдар адашып калышы мүмкүн. Аны да калыс караш керек. Экинчиден, бул процессти автоматташтыруу зарыл. Өткөндө президент айткандай, адам факторун азайтып, аны текшерүүдө автоматташтырылып, баары ачык болушу зарыл. Болбосо, бул системанын өзү коррупциялашып кетип, бардык жакшы ниеттерди бузушу да мүмкүн.

Ал эми Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы, азыркы депутат Исхак Масалиев декларацияны текшерүү аракети туура болгону менен, анда тактап алчу бир нече тармактар бар экенин белгиледи:

- Президент айткандай, мамлекеттик кызматкерлер декларациясында бардык мүлкүн ачыкка чыгарышы керек. Анда эч кандай маселе жок. Бирок Зилалиевге козголгон кылмыш иши өтө чоң маселени көтөрдү. Бир кызыктай кырдаал жаралды. Анткени декларациясы дал келбеген мамлекеттик кызматкерге иш козгоп, камаш керекпи? Алгач анын мыйзамсыз жол менен алынганын далилдебей эле айып тагуу канчалык туура болорун билбейм. Балким ал алма сатып тапты же тууган-уруктан мураска калды? Бул чоң маселени жаратышы мүмкүн. Ошондуктан бул жерде тактап алуу зарыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков мүлкүн жашырган аткаминерлерден тышкары, мурда мыйзам бузган жетекчилердин бирдиктүү маалымат базасын түзүү тапшырмасын берген. Бул иш быйыл июнга чейин бүткөрүлүшү керек болсо да, кечеңдеп жатканы айтылып келет.

Булак: "Азаттык"

Последние новости