www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айике, мен сага баары бир үйлөнөм

Айике жолдошу менен ажырашып кеткенине беш жылдын жүзү болду. Бой келбети келишкен, эркек жанды кылчайып карата турган чырай бар, орто бойлуу, арык чырайынан келген ак жуумалдын сулуусу. Бир караган кишиге али тумушка чыга элек кыздай көрүнгөн Айикени көз багып караган эркек четтен чыгат. Сулуу аял затына азгырылбаган жана бир кылчайып карабаган эркек жокко чиркин! Өзгөчө жаш, кисар куйруктуу жаш токтунун куйругундай денесине куп жарашкан жамбашын чайкап басканда, өзү менен чогуу иштеген Белектин көзү токтоп калат. Айткандай Белек канча жылдан бери бул сулуу айымды торуна илинте албай, куру кыял менен жашап келе жатканы өзүнчө бир чоң сабак кеп болот.

Күнгө жума. Жуманын акыркы күнү. Иш аяктап калган кезде Назгүл туулган күнүн белгилеп калды. Мындайда столдун үстү жайнап, ак моюндар койкоюп, шаңдуулук өзүнүн өкүмүн жүргүзүп калат эмеспи. Айике өзүнө кимдер кызыгып, ким көзү токтоп калганча тигиле карап жатканын ички тую сезими менен эле сезип, алардан алыс болгусу келет. Бирок ишенгени жана өзүнө карата жаман оюу жок деп Туратты ойлойт. Турат көп сүйлөбөгөн, токтоо мүнөздөгү кара тору жигит. Шефтин машинасын айдайт. Шеф Канымгүл Жапаровна, офистен көп деле чыкпайт. Демек Турат аны үйүнө алып барып, алып келгени эле болбосо көп убактысын компьютер ойноп олтуруп өткөзөт.

Бул жолу  жакын курбусу келип аны менен бирге  кеткен, Турат чакыртып калабы деген ойдо иштен кетпей олтурган. Анан минтип туулган күн белгиленип калып, тасмал четинде олтурат.

Назгүл улам бирөөнө тост берип, ичпегендерди ичирип олтуруштун аяк жагы ыр менен коштолду. Турат ичкен жок, машина айдайм деген ойдо. Канымгүл бир саат убакыт илгери “кете бер, мен кармалып жатам” деп айткан. Бир кезде шампандан ууртап-татып олтуруп Айике кызып калганын билгизип, Туратка кайрылды:

-  Мени жеткизип койчу, -  деп. Чынында эле олтургандар биринин сөзүн бири укпай калган. Айике акырын сыртка чыгып Тураттын машинасына олтурду да, үйүнө жөнөдү. Ичке кирген алиги жөн турабы. Жолдон дагы бир шампан алып алды. Турат экөө үйгө кирип, кайра столго олтурушту. Бул жолу Айике эч тартынган жок. Анткени уяла турган кишилер жок, андан дагы өз үйү.

Шампан жарымынан ооп калган кезде эмне болуп Турат экөө кучакташып калды ушуга акылы жетпей, эмне болуп азгырыкка азгырылганын билген жок. Ушунча жыл ала жипти аттамак турсун, эркек аттуудан көңүлү көк таштай калган Айике баарын унутту. Мына ичимдиктин жаман жагы. Буга чейин эле Айикеге ичинен кызыгып, билгизбей көз артып жүргөн Туратка асмандан издегени жерден табылгандай эле болду.

Жаш келиндин аппак денесинен бек кучактап, гүлгө конгон аарыдай эчак жабышкан. Эркектин оозу аялдын бетине жетти, демек жолдун ачылганы эмеспи. Турат эч ойлогон эмес, минтип Айике менен болгондо да өзүнүн үйүнөн өбүшүп калам деп. Айике барган сайын өзүн-өзү башкара албай, кандайдыр бир сыйкырлуу күчкө азгырылып бара жатты. Качан гана кийимдер чечилип, денеси жылаңачтанып калган кезде эсине келди. Бирок бул убакта баары кеч болуп калган болучу. Турат эле болсо эми ээ берип калабы.

Качан гана болор иш болуп бүткөндө Айике эсине келип, жаткан ордунан тура калды да, шашыла кийимин кийе баштады. Ушунчалык өзүнөн-өзү жийиркенип, өзүн-өзү жаман көрүп турду. Анан болгон күчүн жыйып Туратка кайрылды:

- Болду, эми кетип кал, баарын эсиңден чыгарып кой. Мындан кийин ичимдик ичпейм! - деп күнөөнү ичимдикке шылтады.

Турат эмне болуп кетти түшүнө да албай калды. Аттиң, эмне деген жыргалга батты, эмне деген ойго келбеген иштин күбөсү болду. Аял затынын ушундай дагы жыргалы, ушундай бир эстен алган ыракаты болорун билбептир. Биринчи жолу аял заты менен болгонгобу же үйүргө жаңы киргенгеби өзүнөн эки жашка улуу Айикенин жанынан кеткиси келбей кыйылып турду. Бирок кетип калбаса чоң чыр чыга турганын билип, шылкыя басып чыгып кетти.

Бирок көз алдынан Айикенин ак денеси, кылык жоругу кетпей, болгон дитин ээлеп алды.

Айике ваннага кирип жуунуп чыкканда, эмнегедир өзүн абдан жеңил сезип, Туратты эмнеге кетирип жибергенине ичинен өкүнүп алды. Анткени аны менен болгондо бул жашоону унутуп, башка дүйнөгө барып келгендей болбодубу. Ошол жыргал, ошол бактылуу мүнөттөр эмне мынча тез өтүп кеткенине ичи ачышып турду. Бирок бир кезде жаңы тийген күйөөсү Максаттан көңүлү сууп, “экинчи эркекке жолобойм” деп, өзүнө берген убада жана намыс  көкүрөгүн ээлеп алып, болуп өткөн окуяны унутуп салуу үчүн, уйкуга баш койду.

Анткен менен бул жолу абдан жакшы уктап, эртең менен өзүн абдан жеңил сезип калыптыр. Кечинде болуп өткөн окуяны эстеп, акырын мыйыгынан күлүп койду. Бирок кайра ошол ишке барганы үчүн өзүн жеңил баа аялдардай сезип, кабагы бүркөлө түштү. Эч ойлогон эмес, өзүнөн эки жаш кичүү бала менен мындай ишке барам деп.

Дүйшөмбү күнү ишке келе жатып Айике абдан уялды “эми кантип Тураттын бетин карайм?” деп. Мына ыплас иштин кесепети. Эгер мурда - кийин мындай ишке барып жүргөн болсо мынчалык бушайман болбойт эле. “Таза жана жакшы адамдар уялганды билет” деп айтылгандай, Айике башынан байлаган иттей араң басып ишкананын астанасын аттады. Жүзү албырып уялып алган, бирок сыр бербегенге аракети күч болду.

Эки күндөн бери Айике көзүнөн учкан Турат ишке эрте келүүнү канчалык кааласа да, ою ишке ашкан жок. Анткени шеф шаардын четинде боло турган жолугушууга айдатып кетти.

Айике, Тураттын али ишке келе элегине көзү жеткенде гана өзүнө келип, иш столуна олтурду. Аңгыча жанына Назгүл келип:

- Кандайсың, баягыда эмне эрте кетип калдың? Биз бул жерден чыгып кафеге барып дагы олтурбадыкпы. Сенин эле кетип калганың болбосо, баары жакшы болду. Айике бул сөздү укканда ичинен сүйүнүп алды. Анткени кафеге барган болсо, үйүнө ким менен келмек эле. Анда азыр Тураттан эмес, балким Белектен же Кумардан уялып олтурат беле ким билет...

Убакыт чоң шашкеге жакындаганда сырттан Турат кирип келип, уялыңкы салам айтты. Анын бул жасаган аракетинен өзүнө ашык болуп калганын дароо сезип, эки күн ал үчүн араң өткөнүнөн бери билди. Бирок өзү дагы Туратты көргөндө андан кандайдыр бир жакшы нерсени байкап, көңүлү көтөрүлө түштү. Турат жанына келип, эч кимге билгизбей ак барак таштап кетти.

Айике баракты ачып окуп көрүп, көзүнүн каректери эки эсе чоңоё түштү. Анткени анда “мен сага баары бир үйлөнөм” деген сөз жазылуу болучу. Беш жыл жалгыз жашап, тирүүлөй жесирликтен кутула турган кез келгенин ичинен ойлоп койду.

Бир чети эки-бакыр бир тукур болуп аны менен бирге жашаганды туура көрдү. Анткени бой келинге кимдер гана тийишпейт жана кимдер гана көз артпайт жана эмне деген гана сөз ээрчибейт. Мунун баарынан кутулуш үчүн, бир кезде турмушка чыгууну ойлоп койгон.

Арадан туура бир ай өткөндө экөөнүн үйлөнгөн чакан тою болду. Айике мынчалык тез убакытта турмушка чыгам деп ойлогон эмес.

Турат экөө үйлөнгөнү баягыдай ээрчиген сөздөрдүн, көз арткан көздөрдүн карааны үзүлүп, алда канча өзүн эркин сезип калды. Турат экөө ишке бирге басып бара жатып, Айике өзүн бактылуу сезип кетти. Анткени бул жолду канча жыл жалгыз басып өттү эле.

“Аялдын көркү эр менен” деп айтылган сөз дагы туура айтылганын Айике экинчи жолу турмушка чыкканда  гана билди.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости