www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн жаңы мүчөсү белгиленген тартипте дайындалганга чейин Жеңишбек Ногойбаев транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу кызматына дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ногойбаев буга чейин ушул эле мекемеде министрдин орун басары кызматын аркалачу.

Мурдагы Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов 15-декабрда кызматтан кеткен. Анын алдында, 14-декабрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков транспорт министринин “ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басарына ачууланган. Ал министрди ордунан тургузуп уяткарган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости