www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурадил Мадеминов хамелеонбу?

Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Мадеминов жакында эле КСДП партиясынын лидери Атамбаевдин орун басары болуп шайланган. Анын партияга төраганын орун басары болуп дайындалышы өзгөлөрдү эмес, партиялаштарынын кыжырын кайнатыптыр. Мадеминовдун башка аймактарды албаганда эле өзү чоңойгон Баткен облусунда кадыр-баркы барбы? Аркасынан адамдарды ээрчитип кетүүгө жарайбы?

Партия төрагасынын орун басары болгуча Алмазбек Атамбаев менен Икрам Илмияновдун кылыктарын айтып, элге жек көрүндү болуп калдык деп жүргөнүн Мурадил мырза жокко чыгара алабы?

Ал тургай башка позицияда болуп, кийинки шайлоодо Баткенден бир пайыз дагы добуш алууга жарабайт, жеңилип уят болушат деп айтып, аркадан сүйлөп жүргөнү жигиттикке жатабы?

Бир пайыз добуш ала алышпайт деп жүргөн Мадеминов КСДПнын аброюн кантип көтөрүп, жеңишке жетелейт? Хамелеон сыяктуу заматта кубулуп турган саясатчыны ким эрчийт?

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости