www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгемендүүлүк жолуна түшкөн 27 жылдан бери КМШ курамына кирген кошуна өлкөлөрдөн айырмаланып, Кыргызстан жумушсуздук, кымбатчылык күчөп, артты көздөй тайгаланып, талкаланып келаткандыгына биз гана эмес, дүйнөлүк коомчулук да күбө. Тээ Майрамдын доорунда да, Максимдин доорунда да, андан келип Атамбаев жетектемиш болгон Шоопурдун доорунда да мындай негативдүү процесс токтоонун же акырындоонун ордуна, убакыт өткөн сайын күчөп жүрүп отургандыгын ким танат? Бул көрүнүш айрыкча Шоопурдун доорунда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетип, кыргыз коомчулугу коррупциянын сазына биротоло батып, бийликтин, болгондо да жогорку бийликтин кадыр-баркы биротоло кетип, элдин ага болгон ишеними талкаланды. Бул трагедиялуу көрүнүш Майрам, Максим доорлорунда үй-бүлөлүк подряддын ыкмасы менен тамырлаган болсо, өз тагасы каргаган Шоопурдун доорунда кландык-бандалык топтун талап-тоноосуна гана дуушар болуп токтоп калбастан, акыркы жылдардагы жети баштуу бийликке сын айткандарды аёосуз куугунтуктап, саясий буюртма-жалаалардын негизинде узак мөөнөттөргө түрмөгө камоолор менен улантылды. Төмөндө маектешибиз мурдакы партиялык-советтик жетекчи, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, соңку мезгилде “Элдик парламент” коомдук уюмунун саясий кеңешинин мүчөсү, кечээки зек, мурдакы атеист, 70 жаштагы Тойгонбек ажы Калматовду жогорудагыдай ойлордун төгөрөгүндө кепке тарттык.

— Муну менен Атамбаевдин өзүн узак мөөнөткө түрмө күтүп отурат демекчисизби?

 Садыр демекчи, Садыр Нургожоевич 2015-жылы жарыкка чыгарган “Саясаттагы 10 жыл” деген китебинде Атамбаевдин “Манас” аэропорту аркылуу Түркиядагы жер титирөөгө байланыштуу жөнөтүлүп жаткан гумжардамдын ичине катып, 3 тонна алтынды уурдап чыгып кеткендиги тууралуу жазса, Атамбаевиң түшкүр Жапаровдун жарыя кылып жазгандарын “карандай калп” деп, беттен алуунун ордуна, “Ысык-Көл губернатору Каптагаевди барымтага алды, өлтүрөм деп коркутту” жана башка 4 оор кылмыш беренелерин коюп, 11,5 жылга кестирип жиберди. 3 тонна алтынды уурдап чыгып кеткендиги калп болсо, Садыр Нургожоевичке Каптагаевге байланышкан жалган жалааны жапкандын ордуна ошол 3 тонна алтын уурдоону жалаа деп, бетке кармаса болбойт беле?!

2017-жылдын 2-апрелинде № 1-СИЗОдо Садыр Жапаровдун өмүрүнө кол салуу аракети болгондугун элдин баары билет. Бул жерде мен ажы сапарына барып келген жана намазкан киши катары айтайын: беш убак намаз окуган, ыймандуу Садыр иним эч качан өзүнө-өзү кол салбайт. Кудайдан чындап коркот. Ата-энесин, үй-бүлөсүн ойлойт да. Анын өмүрүнө кол салууну жогоруда мен мисал келтирген жалпы базар баасы 129 миллион долларды түзгөн 3 тонна алтындын артында тургандар уюштурган болушу мүмкүн деп ойлойм.

— Садыр Жапаровду жакындан билген киши катары айтыңызчы: анын 11,5 жылга кесилгидей күнөөсү бар беле?

— Мен да саясатчы болгондуктан, адамдар бул суроону мага көп беришет. Өзүң эле ойлонуп көрчү: далай жооптуу кызматта иштеген кылмышка шектүү лөктөр: Сапар Балкыбеков, Нурлан Сулайманов, Мелис Мырзахматов, Кыргызстандагы эшек этин кайра иштетүү бизнесинин негиздөөчүсү Юруслан Тойчубеков, өзүңдүн үкаң Аскар Шадиев жана башкалар Кыргызстанга келсе камалаарын билип, качып жүрүшөт. Садырдын эмне күнөөсү бар? Өзүн күнөөлүү сезсе же кылмыш кылган болсо, мени камагыла деп, чек арадан кирип келмек беле? Ал өзүнүн актыгына жана бийликтин калыс тергөө кылаарына ишенгендиги үчүн арамза Атамбаевдин торуна түшүп отурбайбы.

…Атамбаевдин жин оорусу бар деп жүрүшөт. 2016-жылы октябрда белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасулова президент Атамбаевди мажбурлоо жолу менен психиатриялык дарылоого кириптер кылуу жөнүндө Биринчи Май райондук сотуна бекеринен арыз жазган эмес тура. Бул нерсе тууралуу мен жогоруда токтоло кеткен Түрк чалгындоо кызматтарынын тараткан маалыматында да жыландын башы кылтайып тургандыгы бекеринен эместир. Шордууну тигиндей дейин десең, арам дүйнө — ​акча, алтын санаганды — ​пайда-зыянды укмуштай түшүнгөндүгү таңкалдырат. Кыргыз элинин мойнунда 4,3 миллиард доллар сырткы карыздын каргысы илинип турса, 1 миллион кыргыз сыртка тентип, нан издеп, кайырчынын кейпин кийип жүрсө, Атамбаевдин көрүнгөн жерде: “мен мультимиллионермин” деп сандырактаганын кантип түшүнүүгө болот?

— Атамбаевдин чоң “саясатчыга” айланышында, андан кийин Шоопур бийлеген доордо президент болушуна Тойгонбай Зикирович себепкер болгон деген сөздү укканым бар. Бул нерсенин чындыкка канчалык тиешеси бар?

— Бул нерсе оюмда турган болчу. Айтпайын, мактанбайын дедим эле. Өзүң сурап калдың: айтсам айтып берейин.

Тээ 93-жылы Аскар Акаевич бизди чогултуп, КПССтин ордуна бийликтин башка бир партиясын түзөлү деген сунуш киргизип калды. Мен анда Жалал-Абад облкеңешинин төрагасы элем. Өзүм баш болуп, бир нече киши жаңы партиянын уставын, зарыл документтерин иштеп чыгып, Кыргызстан социал-демократиялык партиясы деген ат менен каттоодон өткөрдүк. Менин жашаган жана иштеген жерим борбордон алыс болгондуктан, КСДПны ыраматылык Жумабек Ибраимов жетектөөгө өттү. Арадан 2 жыл өтпөй, ал Премьер-министр болуп кеткенден кийин, партияга Абдыганы Эркебаев жетекчилик кылып, 6–7 жыл башкарды. Анан эле шайтан басыптыр дегендей, КСДПны Атамбаев ээлеп, менчиктештирип алды да, бизди кууп-таратып, партиянын саясий ишмердиги жеке базарга айланды. Азыр болсо, Атамбаев уялбай: “КСДПны мен түптөгөм, мен уюштургам” деп көкүрөгүн ургулагандан чарчабайт.

— Маегибизди аяктап жатып, кошумча дагы эмнелерди айткыңыз келет?

— Атамбаевдин 6 жылдык мөөнөттөгү мамлекетке, элге кылган кыянатын Майрам менен Максимдикин кошкондо да салыштырууга болбойт дегим келет.

Текебаевдин демилгеси менен жана Атамбаевдин “акылман жетекчилиги” астында акчасы жоктор шайлануу укугунан көз көрүнө ажыратылып, парламентке КСДПынын тизмеси аркылуу көпчүлүк бөлүгүн мекенчилдик сезиминен ажыраган: мурдакы базаркомдордон, заправщиктерден, кылмышкерлерден, коррупционерлерден — ​кошоматчылардан түзүлгөн шектүү күчтөр келди. Натыйжада өлкө бүгүнкү акыбалга жеткирилди.

Майрам менен Максимдин доорунда 4–6 киши саясий куугунтукка алынган болсо, Шоопурдун доорунда 50дөн ашуун эр-азаматтар ак жерден жалаага кабылып камалды, далайлары баш-көздөрү жарылып аёосуз уруп-сабоолорго дуушар болду. 10дон ашуун журналист өз ишмердигинен улам укуктук зомбулукка кабылып, миллиондогон айыптарга кириптер кылынды.

Коррупцияга каршы чыныгы күрөш дал мына ушул коррупционерлердин анабашы болгон Атамбаевдин учурунда уюмдашып, соңку кезде туш тарапка тыркырап качып бараткан күчтөрүнүн тамырын биротоло кыркуудан башталууга тийиш. Бул багыттагы кечиктиргис чараларды ишке ашырууда Сооронбай Жээнбековдун учурдагы аракеттери толугу менен колдоого арзыйт.

Учурда Атамбаев атактуу Шоопурдун доорунда ушунчалык кеңкелестикке көп жол койгондуктан, бир кездеги санаалаш болгондугума карабастан, ага карата: “эсиң барда этегиңди жап” деген кепти да айтууга болбой калды. “Баарыңды Кудайга койдум, силерди Кудай урат, Кудай көрсөтөт” деген сөздөрдү жаттап алып, ары жок акыретчил болот дегендей, тозокту бетке кармап, элди коркуткандан тажабаган жалаакор Атамбаевди, анын табакташтарын, түрдүү инстанциядагы буюртма өкүмдөрдү ойлонбой аткарууга адистешкен киллер-сотторду моралдык өлүм күтүп, КСДПынын босогосунда саясий ажал акмалап тургандыгын элдин баары эле түшүнүп калды.

Акырында айтаарым: Атамбаев Конституцияны, мыйзамдарды тебелеп-тепсеп, бийликтин бардык тармактарын менчиктештирип алды. Каримов менен Назарбаевге орунсуз жерден акарат айтып, асылып сүйлөп, Кудай берген кошуналарыбыз өзбек жана казак менен мамилени бузуп, анын кесепети элге тийди. Коррупцияга каршы күрөшүмүш болуп, аны өзү душман деп эсептегендерден өч алууга пайдаланды. Кадр маселесинде кошоматчылык ээлик кылып, тазалык, компетенттүүлүк, мекенчилдик сыяктуу талаптар тепселди.

Маектешкен

Номанжан АРКАБАЕВ

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости