www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муралиев кимге кеңешин берип жүрөт?

Деги чоң кызматта жүргөндөр пенсияга чыкса деле ишсиз калбайт экен. Маселен, Амангелди Муралиев деген киши бар го илгери премьер министрге чейин жеткен. Андан мурда Оштун биринчи адамы болуп, май палоонун даамына эмдигиче таңдайын такылдатып жүрөт. Баса, Убактылуу өкмөттү Роза Отунбаева башкарып турганда тех. аппараттын башчысына ушул кишини койуп, ракматын кийин кызматты өткөрүп бергенде жамгырдай жаадырган. Айтор, уулу шектелип камалганга чейин жакшы пикирге ээ болгону журтчулукка дайын.

Учурда деле убактысын бекерге өткөрбөйт экен. Кыргызстандагы көрүнүктүү олигарх, акчасы самандай сапырылган Аскар Салымбековдун “незаменимый” кеңешчиси Амангелди аксакал экенин көпчүлүк билбестир? Тиш кагып калган “Дордойдун” кожоюну эгерде кеңешчисинен акылдуу идеялар чыкпаса түк жолотмок эмес. Демек, Муралиедин “ресурсу” эмдигиче түгөнө элек. Вашингтондон диплом алып келген жаш адистер чынында бул кишичелик сунуш бералбайт. Анан эле Акыйкатчылыкка КСДП фракциясы 64 жаштагы Токон Мамытовду талапкер кылабыз дешсе айрым сынчылар чалкасынан, көмкөрөсүнөн кетип жатышат десең. Ай, билерман сөөрөйлөр акылды тигил олигархтан үйрөнсөңөр,”кысыр” калбайсыңар деген киши жок. Алтымыштан ашкандарды ашкеби десеңер катуу жаңылышасыңар, кургурлар!

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости