www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элге «чоң муштум» катары таанылган Нурбек Мурашев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайын жана мелиорация министри болуп келгени мекеме сындан башы арылбай койду. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов айыл чарба тармагында жарытылуу жумуш жасабай эле, министрлик Статистика комитетинин бир бөлүмүнүн милдетин гана аткарып калганын айтып чыкты.
Бул жагдайды премьер-министр Сапар Исаков да мойнуна алып: «Айыл чарба министрлигинин статист болуп калганы чын. Анда 5 миң 280 кызматкер иштейт. Алардын санын кыскартуу оюбуз бар. Бир айдын ичинде мындан үч ай мурун башталган талдоо иштери бүтөт, анын жыйынтыгында чечим кабыл алынат”, – деп билдирди.
Булак: "Фабула"