www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Музыкант Гайдар Алиев өзүнүн Instagram баракчасында Кыргызстанды тууралуу видеороликтерин жарыялаган. Ал болжол менен өзбек жараны. Кыргыз кыздарынын намысына шек келтирген видео интерент тармагында кызуу талкуу жараткан. Интернеттеги Кыргызстанды шылдыңга алган болжол менен өзбек жигитинин береги тасмасын көргөн адам аны менен урушуп, мамлекеттин таламын талашканга да барат. Ал орус тилинде так сүйлөп, биздин сүйүктүү өлкөбүздү шылдыңга алып, «Кыргызстан -страна грязных девочек» — деп которуп, шылдыңга алган. Ал:«Кыр — это вход, а кыз — это девушка»- деп шылдыңдоосун дагы да күчөткөн. Ал тарыхчы болбогондуктан бүтүндөй мамлекетти шылдыңдап жатат.  Тарыхта: "Кыргыз" деген кырк кыз деген сөздөн келип чыккандыгы айтылат жана кырылып калбаган эл деген экинчи мааниси да бар. Мындай кемсинтүү мамлекеттер аралык достукка доо кетирип, мамиленин начарлашына, ал тургай андан да жаман кесепеттерге алып келиши толук мүмкүн. 

Кыргыз элинин келип чыгышы жөнүндө "кырк кыз" уламышында Шайык Мансур менен карындашы Апал деген кыз падыша тарабынан чөлгө сүргүндөлгөн, Алардын сөөгү агын сууга ташталган, сөөгү агып баратканда пайда болгон көбүктөрдү хандын кырк кыздары ичип коюп, боюнда болуп калган. Алардан кыргыздар таралган деп айтылат. Ошол доордогу эң байыркы жана күчтүү уруу кыргыздардын тарыхын унуткарып, бурмалоо максатында ойдон чыгарылылган уламыш. Шайык Мансур 922-жылы Иран соту тарабынан динге каршы чыккандыгы үчүн өлүм жазасына тартылган. Чегинен ашкан имансыз адамды, андан он кылым мурда келип чыккан кыргыз элинин ата-бабасы менен байланыштыруу тарыхый чындыкка коошпогон

Америкалык антрополог Л. Крадер: «кийинки мезгилде-ги түрк группасында деп аталган элдеринин айрымдары байыркы кыргыздардын биологиялык тукумдары болгондугу талашсыз. Бул илимге кабыл алынбай калган» - деп жазат. (Абрамзон С.М.Кыргызы…с.223.) Чындыгында тарыхый булактарда түрк элдеринин эң байыркысы экендиги талашсыз. VI-XII к.к Түрк империясынын доорундагы түрк урууларынын бийлигин чындоо жана узакка сактоо максатында айтылган санжыралар тарыхый чындыкты бурмалап, кыргыздар «Түрк атанын балдары» деген кабыл алынып калган. Санжыра - урууларды бириктирүүнүн жана мамлекети чыңдоонун идеологиялык куралы болгон.

Кулаалы таптап куш кылган

Курама жыйып журт кылган.

Тели куш кылып куш кылган

Тентиген элди журт кылган.

Элдин биримдигин сактап, душмандардан коргонуш үчүн ар элдин баатырлары жана журт башылары Манаска биригишкен.

Кыраан бөрктүү кырк чоро

Кырк жерден келген ит элең.

Азып тозуп алыстан

Атсыз келдиң кээ бирөөң.

Атсыз келген чорого

Аркар аяк жез билек

Аттан тулпар мингиздим.

Тозуп, тентип алыстан

Токтоп келдиң кээ бирөөң

Тозуп келген чорого

Тон мыктуусун кийгиздим.

Ар түрдүү уруулар эл болуп түзүлүп жаткан доордогу адамдардын ой, максаттары кыялы, иш аракеттеринен жана болгон окуялардан залкар дастандар калыптанган.

Мамлекетибизди кемсинтип, элибиздин, кыздарыбыздын ошону менен бирге эле улуттун абийрине доо кетирип жаткан бул тасмадагы жигитинин айткандары акмакчылык деп атоо туура.

Тышкы иштер министри бул кырдаал боюнча дипломатияга ылайык чараны көрүп, окуянын чоо-жайын Өзбекстан бийлигине талапка ылыйык кайрылуу жолдошу керек. Бул жерде биз нота маселесин айткыбыз келип турат. Бул боюнча өзбек жигити кыргыз элинен кечирим сурап, Өзбекстандын Тышкы Иштер Министрлиги бул жагдай боюнча окуяны иликтөөсү керек.

Учурда бул видео боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости