www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Дүйшөнбек Чоткараев кызматынан кетти.

Бул жагдай өткөн жумада президент Сооронбай Жээнбеков алгачкы жолу Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, коррупцияга каршы алгылыктуу иштер жүрбөй, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы өзүнүн функционалдык ишин түздөн-түз аткара албай жатканын, алар текшерүүлөрдү бизнеске айландырып алганын, чыныгы коррупционерлер кармалбай жатканын катуу сынга алган окуядан кийин орун алды. Эми бул кызматка ким келээри азырынча белгисиз…

Эми мынчалык орун алмашканга жараша сумма өгөрүүгө тийиш. Бирөөгө кызмат керек болгон көз боёмочулук болбош керек.

Булак: "Фабула" 

Последние новости