www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Албек Ибраимовдун чоң чуу менен кызматтан кетип, темир тор артына камалгандан кийин “саясатташкан” кыргыз Фейсбугунда ар кандай талкуулар башталды. Эми болсо кийинки мэр ким болот деген суроо кабыргасынан коюлууда. Бул суроо көптөрдү түйшүккө салууда. Социалдык тармактардын көпчүлүк посттору дал ушул темага арналып, кийинки “тепкиге алына турган” талапкер ким деген суроо да кызыгууну жаратты. Пикирлер ар кандай жаңырууда. Бирок, мунун көпчүлүгү жөн эле бош идишке бир нерсе толтуруу сыяктуу болуп жатат. Кандай болгон күндө да бир нерсени моюнга алышыбыз керек. Мэр – бул “жашоосу малина” болгон кызмат эмес. Анын үстүнө азыркыдай кырдаалда. Мэр – бул баары сындай турган фигура. Биздин кыргыз коомунда сын катуу айтылат жана элди башкаруу оңой эмес. Анын үстүнө шаарда чечилбей тургане проблемалар баштан ашат. Бул – талкаланган жолдор, аллеялар, мыйзамсыз курулуштар, борбордук бөлүктө жана шаар айланасына толгон таштандылар, иштебей калган жол чырактар, көзгө көрүнбөй калган жол белгилери, кышында болсо муздун капташы. Кыскасы проблема көп. Албетте, бул маселелерди акырындык менен чечсе болот. Бул үчүн чыдамкайлык, бети калыңдык, чарбачылдык керек. Куру эле мактанган эмес, энергиясы ашып-ташкан чарбачыл адам бул маселелерди чече алат. Бишкек – бул сындаганды гана билген политикандардын эмес, маданияттын борбору.
Мурат Сабырбеков, Бишкек тургуну
Булак: NazarNews.kg