www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уланбек Эгизбаевге почта аркылуу келген талаштуу катты аны сотко бергендердин адвокаты Юлия Охналева жибергенин ырастады. Бирок ал "актай барак эмес, сотко берилген доо арыздын көчүрмөсүн салгам" деп ишендирүүгө аракет кылууда.
Юлия Охналева - Уланбек Эгизбаевди “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсү үчүн сотко берген Бишкектин түштүк-батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасовдун жана анын кызматкери Алихан Алиевдин кызыкчылыгын коргогон адвокат.
Ичинде актай эки кагаз салынган кат Эгизбаевге көзү тирүү кезинде, 16-июлда “Кыргыз почтасы” аркылуу келген. Ал кат А.Үсөнбаев көчөсү 24, 4-батир дарегинен жөнөтүлгөн. Кат ээсинин аты-жөнү Ю.В.Охналева деп жазылган. Сотко доо арыз берилгени тууралуу маалымдама катта да адвокаттын ысымы, дареги дал ушундай жазылган, сотко чакыруу кагазы "Азаттык" радиосуна 24-июлда тапшырылган.
“Азаттык” бүгүн Юлия Охналеванын өзү менен байланышканда ал жогорудагы иш боюнча арыз ээлеринин адвокаты экенин бышыктады, бирок "бош кат эмес, доо арыздын көчүрмөсүн жөнөткөнүн" айтты.
Сотко доо арыз берген Чыңгыз Апасов менен Аскарбек Алиев Юлия Охналева алардын адвокаты экенин ырастап, мезгилсиз каза тапкан Уланбек Эгизбаевге карата доо арызынан баш тартуу ниети бар экенин билдиришти.
Коррупциялык иштердин жүзүн ачкан бир топ ири иликтөөлөрдүн автору, "Азаттык" радиосунун кабарчысы, 28 жаштагы Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза болду. Анын өлүмүнүн себептерин иликтеген соттук-медициналык экспертизанын акыркы толук жыйынтыгы бир ай ичинде чыгышы керек.
Булак: "Азаттык"