www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарындагы «Ак-Тилек» мейманканасында жансыз денеси табылган аял кишинин өздүгү такталды. Turmush басылмасына маалым болгондой, маркум Г.Д. 1986-жылы төрөлгөн. Ал милициянын каттоосунда коммерциялык секс кызматын көрсөткөн аял катары каттоодо турганы да ачыкка чыкты.
Анын жансыз денеси табылган күнү кылмышка шектелип Өзбекстандагы Фергана облусунун 23 жаштагы тургуну кармалган. Ал мейманканадагы бөлмөнү ижарага алган.
Айрым маалыматтар боюнча, кармалган адам менен каза болгон аял 2 жылдан бери тааныш болуп жүрүшкөн. Ал эми аялга сайылган бычакты шектүү жигит бөлмөгө коон менен бирге алып кириши мүмкүн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, мейманканадагы бөлмөдө экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Буга денесин саткан кыз 10 мүнөт өткөндөн кийин кетүүгө камынганы себеп болушу мүмкүн. Ал эми шектүү жигит ага 1000 сом төлөп, бир саатка сатып алган.
Аялдын жансыз денеси кечээ, 26-июлда эртең мененки саат 08:30 чамасында А.Масалиев проспектисинде жайгашкан мейманканадагы бѳлмѳлѳрдүн биринде табылды. Ѳлүктү кароо учурунда анын кекиртегине учтуу буюм сайылгандыгы аныкталган.
Ал эми шектүүнү укук коргоочулар Баткендеги Кадамжай районунда жайгашкан чек ара өтмөгүнөн кармашкан.
Булак: NazarNews.kg