www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Саламатсызбы. Мурат ава, Ахматбек Келдибековдун жакында эле соттуулугу боюнча социалдык тармактарда кызуу талашка түштү. Ошол эле учурда Жогорку Сот бирөөлөрдүн "амири" мененби айтор, мыйзамсыз элге маалыматты жар салды. Дегеле бийлик Ахматбек Келдибековго бут тостубу же катардагы мыйзамсыз аракеттериби?

Ачыгын айтканда, азыр Ахматбек иним бийликтин кекиртегинде сайылып турган сөөктөй эле. Мындай болоорун билген бийлик башынан эле Келдибековду каралап, жалпы элге "мокочо" көрсөтүүнүн “Барборостук” планын түзүп, ошол эле азыркы оппозицияда жүргөн А.Салянованын колу менен аны "белге" чабууга аракет кылышып, жалган-жалаа менен соттоого жетише алышкан! Эми кайрадан мыйзамды бузушуп, аны өздөрү каалагандай “трактовка” кылып, "Ахматбек Келдибеков эми президенттик шайлоого катыша албайт", - деген ишенимди зордоп киргизип жатышкандыктарына таң калам. Чын эле азыр бизде мыйзамды "байланган төөдөй" кылып эле, ары-бери өздөрү каалаган багытка жетелеп жүрүшкөндүктөрүнө жаның кашайып кетет. Мындай кадамдары менен бийлик ансыз да араң турган ахыбалды өзү курчутуп, жааттык кайраштырууга элди коркутуп жаткандыгын сезсе жакшы болмок! Кыргызстандагы саясый абал күндөн-күнгө чыңалып бара жаткандыгын эмнеге сезишпейт билбейм! Албетте бийлик Ахматбек Келдибековдун электоратынын күчтүү экендигин билип, сезген үчүн айла жоктон ушундай мыйзам бузуучулуктарга барып жаткандыга кашкайып эле көрүнүп турганы турган! Сөздүн кыскасы "эсиң барда, этегиңди жап", - дегендей бийлик көп тирешүүнү күчөтө бербей компромистик жолду тандап алганы дурус болмокчу!

-Рахмат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости