www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти менен Кыргызстандын президентинин жолугушуусун «Коммерсант» басылмасы жазып чыкты.

“Президент Владимир Путин Кыргызстандын баардык карызын кечип, “Чоң рахмат” деген сөзгө татыды. Бул кадамы менен Владимир Путин Алмазбек Атамбаев алып келген талапкерди колдоорун билдиргендей болду. Эки өлкө башчынын жолугушуусу мамлекеттик (расмий жана иш сапар жолугушуудан ылдыйраак) деңгээлде өтүп жатат. Бул жолугушуу Кыргыз элине “Россия шайлоодо Атамбаев кимди көргөзсө, ошону колдойт” деген белги берип жаткандай. ” ,-деп жазган. Мындан сырткары басылма биздин делегациядагы аткаминерлерибизге дагы көңүл бурушкан. “Кыргыз делегациясынын мүчөлөрү дагы эригишкен жок. Алар уюлдук телефондоруна сүрөткө түшүп жатышты. Бири-бирин, журналисттерди жана Георгиев залын тартып жатышты. Алар президенти Алмазбек Атамбаев дагы Кремлге акыркы жолу келип жаткандыгын түшүнүшүп жатса керек…” “Жолугушууда Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин делегациянын мүчөлөрү менен учурашып чыгышты. Кайрадан Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Владимир Путинди колунан кармаганга жетишти. Бир нече секунддан кийин Владимир Путин колун чыгарган жетишти”,- деп жазган басылма.

Булак: "fakt.kg"

 

Последние новости