www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мекенчил” партиясы шайлоодо башка талапкерди колдоп чыгат

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаров төрагалык кылган “Мекенчил” партиясы алдыдагы президенттик шайлоодо Жапаровдун өзүнүн талапкерлигин көрсөтпөйт. Бул тууралуу партиянын активисттеринин бири Данияр Малабеков “Азаттыкка” билдирди:

- Камакта жаткан лидерибиз жакынкы күндөрү президенттикке аттанып жаткан кайсы бир талапкер менен биригип, аны колдоо боюнча билдирүү таратат. “Мекенчил” партиясы жана анын мүчөлөрү учурда лидерибиздин билдирүүсүн күтүп жатат.  Садыр Жапаров 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка байланыштуу күнөөлөнүп, "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасында кармалган.

Нааразы болгон тарапташтары ошол күнү УКМК алдында милиция менен тирешип, жүздөй киши кармалган. Алардын ичинен 12 адам эки айга соттолгон. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууганы бар.

Булак: "azattyk.org"

 

Последние новости