www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күтүү... Күзгү саясий сезон Кыргызстанды кайда алпарат?

- Адатынча, күзүндө саясий кырдаал курчуй түшөт эмеспи? Аны утурлай саясатта кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Митинг, пикет, нааразычылык акциялары болушу ыктымалбы? Андай акцияларды ким баштап чыгышы мүмкүн, бош турган оппозициялык талааны кайсы саясатчылар ээлейт?

- Менин баамымда, быйылкы күздө Кыргызстандын саясый айдыңында мурун болуп көрбөгөндөй толук “штиль” болот. Буга биринчиден, азыркы ажонун мамлекеттик ички жана тышкы саясатында жаңыча жүргүзүп жаткан аракеттери калың элдин колдоосуна татып тургандыгын айтсак жетиштүү болоор! Экинчиден, азыр оппозиция ойдуңу толук бош тургандыгы чындык. Жээнбековдун чечкиндүү кадамдары көпчүлүк саясатчыларды, айрыкча “мурункудай жол менен кете беребиз”,- деп үмүт арткан мурунку санаалаштарын толук прострацияга түшүрүп койду.

Буга чейин авангарддык ролду алып келген СДПК партиясы канчалык күчтүү болбосун, азыр кош канатын бирдей күүлөп, Кыргызстандын саясый талаасында мурункудай ээн эркин окуп-кайкып учу албай калды. Себеби дегенде буга,- акыркы мезгилдердеги партия ичиндеги бөлүнүп, жарылуучулук кадамдары, “СДПК Атамбаевсиз!” деген ураанды ошол эле партиянын мүчөлөрүнүн көтөрүп чыгышы сонун далил болмокчу! Албетте, ойлогон ою ишке ашпай калгандан кийин, азыр ичинен кан өтүп жаткан Атамбаев өзүнүн авантюристтигине салып, “кандайдыр бир радикалдык кадамдарга барууга аракет кылбайт”,- деп толук кандуу айтуудан алыс болгонубуз оң.

Ал кишиден бардык авантюралык кадамдарды күтүүгө болот. Бирок кандай гана тескери кадамдарга аракеттер кылышпасын, ал жалпы элдин колдоосуна ээ боло албасына мен толук ишенем! Ошондуктан баарыбыз, Жараткандан элибиздин ынтымагын, биримдигин суранып, күрдөөлдү күзүбүздү жакшылап тосуп алалы!

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости