www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-август мурунку мэр Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы каралды. Жыйынтыгында камактагы Албек Ибраимовдун мөөнөттү 28-октябрга чейин узартуу чечими чыгарылды. Албек Ибраимовду колдоп соттун алдына тарапташтары, туугандары, айылдаштары келген.

Буга чейин райондук сот Ибраимовду 29-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Аны Жогорку Сот күчүндө калтырган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айыпталып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсүнө караганда, Албек Ибраимов "Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда "270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деп шек саналып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости