www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Токмок шаарында 17-19-август күндөрү кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлүп жатканда Ош облусунан келген 14 жаштагы спортчу каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти. Алардын айтымында, каза болгон 14 жаштагы спортчу атаандашы менен рингге чыккан. «Мелдеш Токмок шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде өткөрүлүп жаткан. Болжол менен саат 11:30-12:00 чамасы болчу. Каза болгон бала токмоктук 14 жаштагы спортчу менен беттешке чыккан. Жаӊы башталганда экөө бири-бирине анча деле сокку урбай, ары-бери буйтап жатышкан. Аңгыча маркум бала артына бурулуп басып баратып, жерге жыгылды. Баарыбыз шок болуп карап калдык. Анткени ал жыгыла тургандай сокку болгон эмес. Мектептин медициналык кызматкерлери бар. Ошолор дароо биринчи жардамды көрсөтүштү. Бала эсине келбегендиктен тез жардам чакырышты. Бирок эмнегедир тез жардам кызматы келген жок, анан ооруканага өздөрү алып кетишти», - дешти алар. Ал эми Токмок шаардык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Кубан Идиновдун айтуусунда, каза болгон өспүрүмдүн башында буга чейин эле кан шишик болгон экен. «Бул эл аралык мелдешке бардык облустан спортчулар келип катышып жатышкан. Баары өз нугу жана тартиби менен өтүп жаткан. Ал эми каза болуп калган баланын башында эски шишиги (гематома) бар экен. Экспертиза ушундай жыйынтык чыгарды. Ал мелдеште 15 секунд боксташкандан кийин басып баратып эле жыгылды. 57 салмактагы өзү курактуу спортчу менен беттешке чыккан эле. Дароо мелдешти токтоттук. Окуя болгондон кийин туугандарына кабарлап, атасы эртеси ооруканадан алып кетти. Ал киши баарын түшүнүп, эч кандай доосу жок экенин билдирди», - деди Кубан Идинов. Ал эми Чүй ОИИБ аталган факты болгонун тастыктап, учурда иликтөө жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады. «19-августта болжол менен саат 12:45 чамасында Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан 14 жаштагы М.А. аттуу өспүрүм эсине келбей каза болгондугу тууралуу кабар келип түшкөн. Бул факты боюнча тергөө тобу барганда кикбоксинг боюнча мелдеште Ош облусунан келген 14 жаштагы спортчу өзүнүн каршылашынан 1-раундда жеген соккусунан улам эсин жоготкону белгилүү болгон. Ага алгач мектептин медициналык кызматкерлери тарабынан биринчи жардам көрсөтүлүп, андан соӊ аймактык ооруканага жеткирилген. Ал оорукандан эсине келбей каза болгон. Бул факты Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө китебине катталып, маркумга баардык соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери бул боюнча иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө» - деп айтылат маалыматта.

Булак: "Турмуш"

Последние новости