www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн БШКда журналист, жарандык активист Канышай Мамыркулованын арызын карашат. Арызда Бишкек АШКнын Бишкек шаарынын мэрин шайлоодо талапкерлердин мамлекеттик тилди билишин аныктоо максатында тил боюнча комиссиянын курамын бекитүү чечимин мыйзамсыз деп табуу маселеси коюлган. Ага ылайык, журналист Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкер Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынагынын жыйынтыгын жокко чыгаруу менен бирге 2017-жылдын 13-июлундагы №430 токтомуна ылайык «Кыргызтест» системасы аркылуу тил боюнча сынагынан өтүүсүн суранган.

Эске салсак, 2018-жылынын 26-июлунда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен Бишкек шаарынын мэрин шайлоо үчүн талапкерлердин мамлекеттик тилди билишин аныктоо максатында тил боюнча комиссиясынын курамы бекитилген. Ошол чечимге ылайык, 2018-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкер Азиз Суракматов мамлекеттик тил боюнча сынактан өткөн.

Бирок, Канышай Мамыркулованын белгилешинче, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы №430 токтомунун негизиндеги “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана аларды ээлеп турган адамдар үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээли жана көлөмү жөнүндө” жобого ылайык, бул сынак «Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы аркылуу өтүп, ошондой эле жобонун 2-тиркемесинин негизинде “Мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээли жана көлөмү” атайын система аркылуу аныкталышы баса белгиленген.

Ушул жобону жетекчиликке алган журналист 2018-жылдын 17-августунда Бишкек АШКнын иш-аракетин Бишкек райондор аралык сотуна даттанган. Доо арызга Бишкектин райондор аралык соту “Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 201-б., 3-п. талаптарына участкалык жана аймактык комиссияларынын чечимдери тиешелүү даттанууларды жогору турган шайлоо комиссиялары карагандан кийин гана сотко даттанылат. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечимдери  жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) түздөн-түз сотко даттанылат деп көрсөтүлгөн” деген аныктама берген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости