www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кадр тандаганда а дегенде калбырга салып элеп, андан аман калгандарын кайра, торко элекке салып, андан аман калганын майда, орусча айтканда «нолевка» электен өткөрүп туруп анан бекитүү зарыл», - деди бүгүн, 10-февралда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев.

- Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалып. Ишине эми кирише баштаган Эрмек Нургазиевди коомчулуктун сын-пикиринен улам президент кызматынан алды. Өлкө башчысынын соцтармактагы пикирлерди эске алганы, терс пикирлерге маани бергени туурабы?

- Эмнегедир бул жигит тез эле коюлганы чыны мени таңгалдырган. Албетте, ажонун тез   чечкиндүүлүк менен кайра кайтарганы өтө жакшы болду. Бирок баса көрсөтүп айтаарым мындай нерсени адатка айландырбаш керек. Ажонун чечимин кайра-кайра өзгөртүү, эч кимге аброй алып келбейт. Мына бир жолу шашып кетиптирбиз мейли дейли.  Бирок бул чоң сабак болгондой болсун! Кадр тандаганда а дегенде калбырга салып элеп, андан аман калгандарын кайра, торко элекке салып, андан аман калганын майда, орусча айтканда «нолевка» электен өткөрүп туруп анан бекитүү зарыл. Буюрса мындан ары ушундай болот го деген ишеничим чоң. Дагы бир айтаарым ыксыз соц сеттерге көз каранды болгон дагы ашыкча. Эң негизгиси ички туюмга ишенип чечкиндүү болгон да жакшы.

- Мэрлик кызматка татыктууларды Facebookтагы отдел кадрлар сунуштай башташты го. Мэрлик кызматка талапкерлерди карап жаткандар алардын да оюн эске алышы шартпы?

- Толук кандуу Facebookка байланган болбойт. Анткени, Facebookта деле мактоочу топту түзө коюш текейден арзан да...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости