www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы министр Аскар Какеев дүйнө салды

Мурдагы билим берүү, илим жана маданият министри Аскар Какеев дүйнө салды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Кыргызстандын билим, илим тармагында эмгектенип, бир кездерде билим берүү, илим жана маданият министри (1993-1998) болгон жана өлкөбүздөгү көптөгөн профессорлорду тарбиялаган Аскар Какеев агайыбыздын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, аза кайгысын тең бөлүшөбүз», – деп жазган министр.

Аскар Какеев 1935-жылы Чүй обласынын Кегети айылында төрөлгөн. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн.

1958–1960-жылы Кыргызстандын ички иштер министрлигинин архив фондусунда микрофото көчүрмө лабораториясында улук илимий кызматкер болуп иштеген.

1960–1963-жылы Кыргызстан Илимдер Академиясынын Философия жана укук институтда аспиранты, 1963-жылдан ошол эле институнда улук илимдер кызматкер, 1968-жылдан Кыргыз мамлекеттин айыл чарба институнда философия кафедрасынын башчысы.

1980-жылдан ушул эле институтта партия комитетинин катчысы, 1984–1988-жылы Кыргызстан Компартия БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысына басар.

1989-жылдан Кыргызстан Илимдер Академиясынын Философия жана укук институнун (1992-жылдан Философия институ) директору.

1992-жылдан декабрынан Кыргыз Республиканын президенттик аппаратынын жетекчиси – мамлекеттик катчы.

1993-жылдан Кыргыз Республиканын элге билим берүү министри. 2000-жылдан Кыргыз Улуттук Университетинин ректору, Кыргыз Республиканын Президентинин кеңешчиси.

Кыргыздын илимий иштери кыргыз элинин философиялык ой-пикир, тарыхын изилдөөгө арналган. 40тан ашуун илимий эмгектери (ошондой эле 5 монография) бар. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз Республиканын элге билим берүүсүнүн отличниги.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости