www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров атына ачылган Telegram каналда 25-апрелде жер жана энергетика маселелери тууралуу билдирүүлөр жарыяланды.
Биринчи билдирүүдө кайсы жер тууралуу сөз болгону такталган эмес, бирок жалган маалыматтар тарап жатканы белгиленген.
«Акыркы учурда саясий чайкоочулар өздөрүнүн жеке максаттары жана кызыкчылыктары үчүн, ар кандай туура эмес «жалган» маалыматтар менен соцтармактардан бузукулук чакырыктарды таштап элдин башын айландырууда.
Билсеңиздер, эч кандай жерлер берилген жок, жерлер алмашуу жолу менен гана учурда сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Элдин макулдугу, эл менен жолугушуу, кеңешүү, түшүндүрүү иштери тыгыз жүрүп жатат. Президент элден качып жашынып жаткан жери жок, күнү-түнү иштеп эл үчүн ак кызматын кылып жатат», - деп жазылган.
Ал эми экинчи кыска билдирүүдө 15 жылдан бери топтолгон оор энергетикалык кризистен чыгуу үчүн реформалар керек экени айтылат.
«Туура түшүнүңүздөр, бай-кедейге бөлгөн эч ким жок. Болгону мүмкүнчүлүгү бар, жашоо-шарты жакшы, жетиштүү үй-бүлөөлөр аз камсыз болгон жарандарыбызга жеңилдиктерди түзүп, ал арада мамлекеттин кризистик абалын да чогуу жеңип чыгуу мамлекеттин реформалуу багыты деп билели», - деген чакырык бар.
Президент Садыр Жапаровдун атынан Facebook, Instagram жана Telegram социалдык тармактарында бир нече баракчалар бар. Бирок алардын баары расмий верификациядан өткөн эмес.
Президенттин басма сөз кызматы бул эки билдирүүгө байланыштуу азырынча расмий түшүндүрмө бере элек.
Булак: NazarNews.kg