www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-ноябрда Нур-Султан шаарында “Нур Отандын” съезди өтүп, партия мажилис менен маслихаттын шайлоосуна көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитти.

Алардын арасында биринчи президенттин кызы Дарига Назарбаева да бар. Ал партиялык квота боюнча сунушталган 49 талапкердин ичинде. Калган 77 талапкер “партиялык праймериз кортундусунун” негизинде аныкталган.

Съездге Дарига Назарбаева өзү да катышып, президент Касым-Жомарт Токаев, Нурсултан Назарбаев, партия төрагасынын биринчи орун басары Бауржан Байбек, премьер-министр Аскар Мамин, межилис төрагасы Нурлан Ныгматулин менен бирге отурду.

Жыйынга журналисттер киргизилген жок. Алар съездге башка имараттагы бөлмөгө орнотулган монитордон көз салышты. Жыйынды видеого тартууга жана түз эфир уюштурууга уруксат берилген жок. Партия кызматкерлери кийинчерээк өздөрү тарткан видео менен бөлүшө турганын айтышты.

Быйыл майда парламент сенатынын спикерлигинен кеткенден кийин Дарига Назарбаева эл алдына көп чыкпай калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости