www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту экс-башкы прокурор Аида Саляновага каршы криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин кароону улантууда. Соттун жүрүшүндө экс-президент Алмазбек Атамбаевди күбө катары суракка алуу пландалган. Бирок ал онлайн суракка келүүдөн баш тартты.

ИК-47 кызматкерлеринин айтымында, Алмазбек Атамбаев камерадан чыкпай койгон. Медициналык бөлүм абактагы Атамбаевдин сасык тумоого окшош симптомдор бар экендигин түшүндүрдү. Буга байланыштуу ал суракка катыша алган эмес.  

Кримавторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча 19 адам айыпталууда. Булар соттолгон Батукаевге диагноз койгон врачтар жана лаборант, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү жана мурунку мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев баш болгон башка жогорку кызматтагы адамдар. 14 айыпкерге каршы иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү, анткени алар тергөө менен чогуу иштешүүгө келишим түзүшкөн. Алмазбек Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Аида Саляновага байланыштуу иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү, анткени, ал өз күнөөсүн мойнуна алган эмес. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости