www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Мадумаровдон коркуп...

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн, 25-ноябрда кызматынан убактылуу четтеген өкмөт башчы, президенттикке талапкер Садыр Жапаровго жана Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылуу жиберди.

Мадумаров кайрылуусунда БШКга Башкы прокуратура жиберген материалдын артында Садыр Жапаров турарын билдирген.

«Орусияда кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөн» деген шылтоо менен мени президенттик жарыштан алып салуу аракетиңизди мен сиздин өзүңүзгө ишенбегениңиз деп түшүндүм. Мындай жол менен сиз мыкты атаандаштарыңыздан арылууга аракет кылып жатасыз», деп жазылган кайрылууда.

Мадумаров Жапаров президенттикке ат салышарын айткан күндөн тартып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен аймактарды кыдырып, түрдүү маселелерди чечүүгө убада бергенин эскерткен. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери эми БШК Жапаровдун аракетине да баа берүүгө аргасыз болорун айтып, президенттин милдетин аткарып жаткан адам Кыргызстандын Баш мыйзамы боюнча президенттик шайлоого катыша албай турганын белгилеген.

«Сиз журналисттерге маек курганда президенттик шайлоого барарыңызды айтып, аны кийинчерээк Кочкор районунда эл менен жолугушуу учурунда ырастадыңыз. Андан кийин аймактарды кыдырып, Баткенде аймакты өнүктүрүү жана чек ара маселелерин чечүүгө убада бердиңиз», деп белгилеген Мадумаров Жапаровдун башка аймактарда берген убадаларын да кошумчалаган.

Кайрылуунун аягында «мамлекет башына келе турган адамды Башкы прокуратура же БШК эмес, Кыргызстандын эли чечүүгө тийиш» деп жазылган.

Мадумаров ошондой эле БШК мүчөлөрүнө да кайрылып, эгер Башкы прокуратуранын өзүнө карата берген материалын кароого кирише турган болсо, бул кайрылуусун Садыр Жапаровго карата расмий арызы деп таанып, кароосун өтүнгөн.

Башкы прокуратура 24-ноябрда президенттикке талапкер болууга арыз берген саясатчы Адахан Мадумаровдун Орусияда кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөндүгү жөнүндө материалды караш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөттү.

Белгилей кетсек, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 7-ноябрда Москвада кыргызстандык мигранттар менен жолугушкан. Анын мигранттар менен жолугушуусун Орусиядагы кыргызстандыктар түптөгөн «Мен макул эмесмин», «Укугум бар» кыймылдары уюштурду. Жыйын Москвадагы Транспорт университетинин Маданият үйүндө өткөн.

Эске салсак, Кыргызстанда президенттик чукул шайлоо 10-январга белгиленген. Адахан Мадумаров талапкер болорун 30-октябрда жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости