www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда эки палаталуу парламент кайтарылышы керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эсенгул Исаков конституциялык жыйында билдирди.  

Ага ылайык, Эл өкүлдөр палатасы 120 мүчөдөн турушу керек.

“Эл өкүлдөр палатасынын депутаттары эң жогорку палата катары эсептелиши керек. Алар ар бир райондон бир мандаттуу округда шайланып келишет. Алар эмгек акыларын албай, Жогорку Кеңештин жыйындарына катышуу үчүн транспорт жана башка чыгымдарга гана акча алышат. Жылына төрт жолу жолугуп, мыйзам чыгаруу жыйыны партиянын тизмеси боюнча 40-45 эл өкүлүнөн турсун ”,- деп сунуштады Эсенгул Исаков.

Белгилей кетсек, Конституциянын жаңы долбоору иштелип чыккан. Ал эми Жогорку Кеңештин 80 депутатынын демилгеси менен Башкы мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам демилгеленген. Аталган демилге парламенттин расмий сайтында коомдук талкууга коюлган.

Эске салсак, Баш мыйзамды кайра иштеп чыгуу Садыр Жапаровдун демилгеси болгон. Бирок, Башкы мыйзамды кайра жазуу аракети парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаттарына өткөрүлүп берилген, бирок, 2020-жылдын 28-октябрынан кийин депутаттар легитимсиз болуп калган, анткени, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости