www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиядагы элчибиз Аликбек Жекшенкулов уйкусунан ойгонду. Кремлди шыкаалап жүрүп Орусия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары тогуз миң тонна азык-түлүк жөнөттү. Маалыматка ылайык, азык-түлүктөр өлкөдө жакыр жашаган үй-бүлөлөргө таратылып берилмекчи.

Путин Кыргызстанга 8 миллион долларлык гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча чечим кабыл алды. Ал каражатка жакыр жашаган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында тогуз миң тонна азык-түлүк сатып алынды. 25-ноябрда Бишкекте ун жана өсүмдүк майын тапшыруу аземи болуп, андан соң региондорго бөлүштүрүлөт. Бул долбоор БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырылууда.

Аны менен катар Россия өлкөдө тамак-аш коопсуздугун бекемдөө боюнча башка долбоорлорду дагы каржылоону уланта турганы белгиленет. Анын ичинде башталгыч класстарды ысык тамак менен камсыздоо дагы бар. Бүгүнкү күндө ысык тамак менен 400 миң окуучу камсыздалган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости