www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

“Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Ал жогорку кызматта турган учурда көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, андан кийин аларды жакындарына каттап, декларацияларында көрсөткөн эмес”, - деп билдирет Каржы полициясы. 

Бул иш боюнча экс-вице-премьер-министр суракка чакырылат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости