www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда калк нанга муктаж

Акыркы учурларда Түркмөнстандын Марый жана Лебап аймактарында, ошондой эле Ашхабад шаарында нан азыгынын жетишсиздиги байкалып жатканын «Тurkmen.news» басылмасы жазып чыкты.

Ал эми «Түркмөнстан хроникасы» басылмасынын Йолотен шаарындагы булактары бир үй-бүлө күн алыстан бир гана нан алып жатканын билдирген. Өлкөнүн айрым аймактарында бир адамга экиден ашык нан сатылбай жатат. Ал эми 27-ноябрдан тарта 1 адамга бир гана нан сатылышы мүмкүн экени айтылган.

Түркмөнабаддагы Гагарин кичи районунун жашоочулары мамлекеттик дүкөнгө таңкы саат алтыда түшкөн миңден ашуун нан каалоочулардын баарына жетпей калып жатканын айтышкан. 

Учурда бийлик бул окуяга тиешелүү эч кандай комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости