www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13-мартта болжол менен саат 17:30 чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 1988-жылы туулган А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.
Ал арызында, ошол эле күнү Кант шаарында анын бир туулган карындашынын мурдагы жолдошу - 1990-жылы туулган Ч.С. - анын 1990-жылы туулган Ч.Ж. аттуу карындашын, карындашына таандык Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаага күч менен салып алып кеткен, андан кийин ал дайынсыз жоголгон деп билдирген.
Бул факт Ысык-Ата РИИБде катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 165-беренеси (Адамды уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда 2026-жылдын 13-мартында болжол менен саат 09:00 чамасында Ч.С. Кант шаарында өзүнүн аялы Ч.Ж.-ни күч менен Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаасына салып, тоо аймагына алып кеткендиги аныкталды. Ал жерде, көрүстөндөрдүн жанында, аны өлтүрөм деп коркутуп, 40 000 АКШ долларын берүүүн талап кылган. Андан соң ал 21:00гө чейин аялга карата зомбулук жана ыпылас мамиле көрсөткөн.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүү 1990-жылы туулган Ч.С. аттуу жаранды, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен.
Тергөө улантылып жатат.